Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

АРКАДИЙ ПЕТРОВИЧ ГАЙДАРДЫН 120 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КӨРГӨЗМӨ

АРКАДИЙ ПЕТРОВИЧ ГАЙДАРДЫН 120 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КӨРГӨЗМӨ
22 Янв 2024

2024-жылдын 22-январынан тартып Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Орус адабияты жана маданияты борборунун окуу залында советтик балдар жазуучусу жана киносценарист, журналист, согуш кабарчысы, жарандык жана Улуу Ата Мекендик согуштардын катышуучусу Аркадий Петрович Гайдардын туулган күнүнө карата китеп көргөзмөсү тартууланды. Аркадий Петрович Гайдар негизинен чын ыкластуу достук жана аскердик жолдоштук жөнүндөгү аңгемелери менен белгилүү болгон балдар адабиятынын классиги. Биринчи жарык көргөн чыгармасы жарандык согушка арналган “Бурчтагы үй” повести болгон. Гайдардын бардык чыгармалары терең мааниге ээ жана таалим-тарбия берүүчү. Эң белгилүү чыгармалары: “Чук жана Гек”, “Малчиш-Кибальчиш”, “Көк чөйчөк”, “P.B.C.”, “Алыскы өлкөлөр”, “Төртүнчү блиндаж”, “Мектеп”, жана “Тимур жана анын командасы”. Көргөзмөгө А.П. Гайдардын жекече чыгармалары, балдар үчүн китептери , анын ичинде чыгармалардын кыргыз тилине котормолору коюлду. Көргөзмө 2024-жылдын 12-февралына чейин уланат.