Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Арнадым аппак дилимден” китебинин бет ачары

08 Май 2015

2015-жылдын  30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын конференц-залында китепкана ардагери Каныкей Мамытованын “Арнадым аппак дилимден” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Каныкей Мамытова көп жылдар Улуттук китепканада иштегендиктен, ырларынын басымдуу бөлүгү китепканада мурда жана учурда эмгектенип жатышкан кызматкерлердин иштерин чагылдырууга багытталган.

Китепте автор өзү жакшы билген адамдарга, алардын коом алдындагы ак эмгегине арналган ырларды жазган. К.Мамытова ал ырларында адамгерчилик, улууну урматтоо, балдарга татыктуу тарбия берүү сыяктуу маселелерге көңүл бөлгөн. Бул жыйнак айымдарга арналган алгачкы саамалык, алардын эмгегине карата жасалган алгачкы таазим.Китептин бет ачарында КТРКнын башкы директорунун орун басары, белгилүү драматург Иманалиев Кайрат, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, балдар жазуучусу Асаналиев Байтемир, китепкана ардагерлери Ибрагимова Р.Г., Мамбетова К.А., китепкана кызматкерлери улуттук библиография бөлүмүнүн башкы китепканачысы Сманова Эрке, башкы китепканачы Самарбекова Айтбүбү, бөлүм башчы Баймурзаева Нуржан, китеп топтоо бөлүмүнүн башчысы Алыбекова Акыл чыгып сөз сүйлөштү.

 

Массалык-маалымат иштер бөлүмүнүн башчысы Абдыбекова Гүлнура  автордун “Жетекчи”, “Кыргыз көлү”аттуу ырларынан көркөм окуп берди.

Дилбар жана Лира Райымбековалар “Курбулар”, “Кыргызстан обондору” ырларын жандуу үн менен аткарып беришти.