Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Арстанбек ДЇйшеевдин 85 жылдыгы

21 Сен 2017
2017-жылдын 19-сентябрында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Юридикалык адабият бөлүмүндө Мамлекеттик саясий ишмер Арстанбек Дүйшеевдин туулган күнүнүн 85 жылдыгына арналган календарлык көргөзмө уюштурулду.
Мамлекеттик жана партиялык ишмер А. Дүйшеев 1932-жылы 16-сентябрда Чүй облусунун Кемин районуна карашту Кичи-Кемин айлында дүйнөгө келген.
Орто мектепти аяктагандан кийин, 1954 — жылы К.И. Скрябина атындагы Кыргызстан мамлекеттик айыл чаба иниститутун артыкчылык диплом менен бүткөн. 1954-1960-жылы Жумгал районундагы “Жумгал” совхозунун ветврачы, директору, Тоң районундагы “Тоң”совхозунун ветврачы, 1960-жылдан Кыргызстан Компартиясынын Жумгал райкомунун экинчи катчысы, 1961-1962-жылы Кыргызстан КП БКнын катчысы, 1962-1968-жылы Кыргызстан КП Өзгөн райкомунун биричи катчысы, 1968-1971-жылы Кыргызстан КП БКнын катчысы, 1971-жылы Ыссык-Көл обкомунун биричи катчысы, 1979-жылы январь айынан тартып Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, 1981-1986-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген.
А.Дүйшеевдин эмгеги Өкмөт тарабынан жогору бааланган. Ал үч Эмгек Кызыл Туу, Октябрь революциясы, 3-даражадагы “Манас” ордени жана көп медалдар менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер наамына татыктуу болгон. Көп жылдар бою СССР Жогорку, Кыргыз ССР Жогорку Советтеринин депутаты болуп шайланган.
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Кыргыз мал чарба, ветеринария жана жайыттар илимий- изилдөө институтуна Арстанбек Дүйшеевдин ысмын ыйгарылган (КР Өкмөтүнүн 10.01.2004 № 7 токтому негизинде). Ал 2003-жылдын 2-июнунда дүйнөдөн кайткан.
Бул көрсөтмөгө Арстанбек Дүйшеевдин өзүнүн жана ага тийешелүү өмүр жолун кылган ишин баяндаган газеталардагы макалалар, статьялар коюлду.

Дареги: Бишкек ш. Ю.Абдрахманов көч.208
Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Юридикалык адабият бөлүлүмү.
Тел: 30-50-64