Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Артыкбаев Качкынбай

15 Дек 2014
2014-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында “Кыргыз китеби” бөлүмүндө көрүнүктүү окумуштуу филолог, адабиятчы, сынчы, акын, публицист, котормочу жана устат-педагог Артыкбаев Качкынбайдын 80 жылдык мааракесине арналган “Көнөөрбөс талант” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Качкынбай Артыкбаев 1934-жылы азыркы Москва районунун Кепер-Арык кыштагында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1941-жылы Буденный орто мектебине кирип, аны бүтүргөндөн кийин 1951-жылы жаны ачылган Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине окууга өтүп, аны 1956-жылы бүтүрөр менен “Ленинчил жаш” гезитинин пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп калган.
1959-1961-жылдары “Ала-Тоо” журналынын сын жана адабият таануу бөлүмүн жетектеген, ал эми 1961-1967-жылдары “Кыргызстан” басмасынын оригиналдуу көркөм адабият жана котормо редакциясын башкарган.
Басмада иштеп жүрүп К.Артыкбаев аспирантуранын сырттан окуу бөлүмүнө кирип, мөөнөтүнөн мурда 1966-жылы “Аалы Токомбаевдин поэтикалык чеберчилиги жана анын ыр менен жазылган “Таң алдында” романы” деген темада кандидаттык диссертацияны жактап, филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болгон. 1983-жылы “Кыргыз совет адабиятынын тарыхы” деген темада докторлук диссертациясын коргогон. К.Артыкбаевдин 9 ыр китеби, 16 монография, адабий сын китептери, 25 окуу китептери, окуу куралдары, окуу программалары, 600гө жакын макалалары жарык көрдү.
К.Артыкбаев жалгыз өзү жазып, 65 басма табак көлөмүндө даярдаган “XX кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы” аттуу окуу китеби жарыкка чыккан.
К. Артыкбаев 40 жыл университетте устат педагог катары үзгүлтүксүз эмгектенүү менен республикада жүздөгөн, миңдеген филологдорду, журналисттерди, илимий педагогикалык кадрларды даярдап берүүгө активдүү катышып келген. К.Артыкбаевдин илимий жетекчилиги менен 15ке жакын илимдин кандидаттары даярдалып, өзүнчө илимий мектеби түзүлдү.
К.Артыкбаев коомдук иштерге да активдүү катышкан. “Кыргызстан маданияты” гезитинин редколлегия мүчөсү, Кыргыз республикасынын президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын мүчөсү. Кыргызстан илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун окумуштуулар советинин мүчөсү болгон.
Китеп көргөзмөдө: К.Атыкбаевдин басып өткөн жолу боюнча материалдар, ал жөнүндөгү макалалар коюлду.