Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Асан Мурзабаевдин 75-жылдыгына арналган китеп кйргйзмй

02 Фев 2017
А.Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын маданият жана искусство бөлүмүндө 2017- жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер,белгилуу композитор Асан Мурзабаевдин 75 -жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү коюлган.
Белгилүү композитор А. Мурзабаев 1942-жылы 1-февралда Кочкор районундагы Кара-Күнгөй айылында туулган. Кичинекей кезинен эле табиятынан музыкага жакын болгондуктан жетимдер үйүндө жүргөндө комузда кол ойнотуп чертип, жез аспаптарда ойноп, бара-бара үйлөмө аспаптар тобун да жетектеген.
1959-жылы Токмоктогу Республикалык маданий агартуу окуу жайынан окуган.
1961-жылы Бишкектеги М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынан окуп, № 2 балдар музыкалык мектебинде мугалим болуп иштеп эмгек жолун баштаган. 1972-жылы институтту бүтүп, дипломдук ишине “Жаштык” аттуу симфониясын жазат. 1982-84-жылдары Кыргыз Республикасынын композиторлор Союзунун жаштар секциясынын башчысы, Кыргыз улуттук консерваториясынын теория жана композиция кафедрасында доцент болуп иштеген, ар түрдүү программалар менен автордук концерттерин берген.
Композитор 1991-жылы Кыргыз улуттук филармониясында, 2005-жылы Кыргыз улуттук консерваторияда, 2007-жылдан бери П. Шубин атындагы балдар музыкалык мектебинде үзүрлүү иштеп жатат.
Анын акын Ж. Абдыкалыковдун созуно жазылган “Беш улак” аттуу балдар үчүн жазылган операсын 1997, 1998, 1999-жылдары М. Абдраев атындагы республикалык музыкалык интернаттын окуучулары тарабынан аткарылган жана ошол опера 1997-жылы телерадиокорпорациясынын кыргыз студиясынын фондусуна жазылган.
Композитор “Жыл мезгилдери”, “Жайлоо жалбырактары” аттуу вокалдык жана фортепианино циклин, “Жаштык”, “Толубай” деген симфония жана симфониялык поэмасын, Т. Молдонун сөзүнө жазылган “Жер жана анын балдары” аттуу симфониялык фантазиясын жаратты.
Ошондой эле анын фортепианино жана оркестр үчүн жазылган чыгармалары, “Биздин кылым”, “Гүлдөр-гүлдөр”, “Топторум”, “Балдарбыз”, “Жерибиз”, “Уч кептерим” ж.б. көптөгөн ырларды, 16 пьесаны, романстарды жаратып, 20дан ашык обондуу үн менен күүнү фортепианино үчүн иштеп чыкты. “Токтогул менен Калык” , “Барсбек” аттуу операны элине тартуулады . Композитордун чыгармачылыгындагы эң чоң жаңылык 1916-жылкы кыргыз элинин башынатүшкөн оор кайгысына терең маани берип, “Үркүн – 1916-жыл” аттуу 10 бөлүктөн турган көлөмдүү реквиемди жаратты.
Көргөзмөдө ал жөнүндө китептер, адабияттар коюлган.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч.,208. КР Алыкула Осмонов атындагы Улуттук китепканасы . МИБ. Тел.:30-46-96.