Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

АСЕК ЖУМАБАЕВГЕ 100 ЖЫЛ

АСЕК ЖУМАБАЕВГЕ 100 ЖЫЛ
06 Май 2024

2024-жылдын 6-майында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Респуликасынын Маданият жанан искусство бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын эл артисти, Бүткүл дүйнөлүк студенттер менен жаштардын Варшавада өткөн 5-фестивалынын лауреаты, Эмгек Кызыл Туу орденини ээси, ырчы Асек Жумабаевдин 100 жылдыгына арналган көргөзмө уюштурулду. Асек Жумабаев 1924-жылы 9-майда Нарын районунда Байгазак айылында төрөлгөн. Асек Жумабаев 1949-жылдан баштап, өмүрүнүн аягына чейин Ленин ордендүү А.Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театырынын солисти болгон. Элдик ырларды чебер аткарган аткаруучу болгон. Калмурат, Атай, Муса сыяктуу обончулардын өнөрүн улантуучусу эле. Асек Жумабаев кыргыз ырларын көптөгөн чет өлкөлөрдө ырдаган.