Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Аялзат – турмуш туткасы

21 Май 2015
  2015-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө Энелер күнүнө арналган
                                  «Аялзаада аруу жансың энесиң,
                                  Кыргыз көчүн жетелеген кемесиң»
  аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
 
Байыртадан аялдардын үйдөгү, коомдогу ордуна зор маани берилүү менен өзгөчө энелер тууралуу керемет асыл нускалар жаралган. Алсак, “Эне сүтү бой өстүрөт, эне тили ой өстүрөт”, “Эненин сөзү – нур”, “Эне сыйлаган элине жагат” деген төгүн жерден айтылбаса керек. Аялдарга ылайыктык, кең пейилдик, айкөлдүк, сулуулук сапаттар таандык болуу менен элибизде Умай-эне, Жер-эне, ал эми тилибизде Эненин тили деп аташкан.
Кай заманда, кандай гана шартта болбосун аялзаты адам баласы үчүн эң оболу – турмуштун туткасы, жашоого көрк берген жароокер жар, мээрман эне, мээнеткеч тарбиячы жана үй бүлөнүн ыйык куту. Элдик оозеки чыгармачылыктан, тарыхтан Тумар падыша (Томирис), акылгөй Каныкей, кыз Сайкал, эр жүрөк, намыскөй Жаңыл Мырза, акыл менен журт башкарып, эл бирдигин ойлогон кеменгер Курманжан Датка, сулуулуктун символу болгон Айчүрөк, кыргыз элинин тарыхында биринчи жолу өз каалосу менен тынчтык жолунда бийликти өткөрүп берген экс-президентибиз Роза Отунбаева ж.б. көптөгөн даңазалуу кыргыз эне, кыздары белгилүү.
Энелер күнүн белгилөөнүн көп кылымдык тарыхы бар. Энелер күнүн майрамдоо салты байыркы Римде башталат. Ошондой эле XVкылымда Англияда бүт өлкө боюнча, бардык энелерге сый-урмат көрсөтүү күнү “Энелер жекшембиси” деп атаган. 1914-жылы АКШда, Россияда 1998-жылдан энелер күнү белгиленип келет. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 30дан ашык өлкөлөрүндө Энелер күнү расмий белгиленет.
Кыргызстанда Энелер күнүн Президент А.Атамбаев 2012-жылдын 23-апрелинде өзүнүн Жарлыгы менен май айынын үчүнчү жекшембисин өлкөбүздө биринчи жолу расмий майрам күнү деп жарыялады. Кыргызда эне үй-бүлө туткасы деп айтылат. Эненин үй-бүлөдөгү орду жана ролу баа жеткис.
Уюштурулуп жаткан көргөзмөдө акындар жазган Эне жөнүндөгү ырлар, китептер, газета-журналдар, публикациялар, макалалар, ой-пикирлер орун алган.