Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Азаттык деген асыл соз

09 Авг 2011
{mosimage}2011 — жылдын 8 — августунда саат 11:00 дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде 1916-жылдагы көтөрүлүш курмандыктарынын элесине арналган “Азаттык деген асыл сөз” аттуу китеп- сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы өткөрүлдү. КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18- апрелиндеги №340- I V токтомуна ылайык жыл сайын адаттагыдай эле август айынын биринчи аптасында Улуттук боштондук күрөшүнүн курмандыктарын Эскерүү күнү белгиленет.
Жогоруда айтылгандай Үркүндүн 95 жылдыгына байланыштуу китеп-сүрөт көргөзмөнү Улуттук китепкананындиректору, профессор Ж.К.Бакашова кириш сөз менен ачып, элдик көтөрүлүштүн максаттарына кеңири токтолду. Кыргыз Республикасынын Президенттик Аппаратынын башчысы Каптагаев Эмилбек Саламатович катышты. Ал кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына Үркүндүн 95 жылдык тарыхый дал келүүсү зор окуя экенин белгиледи.1916-жылдагы жалпы элдик көтөрүлүш кыргыз элинин тарыхынын эң эле трагедиялуу барактарынан болуп калктын эсинде сакталып калды. Көтөрүлүштүн кайгылуу жактары элдин кыргынга учурашы, эбегейсиз кан төгүлүшү Борбордук Азия элдеринин басып өткөн жолунда өчпөс орду бар экенин айтып кетти.Коомдук ишмер Жекшеев Жыпар УБК 75 жылдыгында 14 күн жөө жүрүшкө чыгып, элди чогултуп куран окушканын эскерди.
“Айкөл Манас баяны” фондусунун төрагасы, жазуучу Максүтов Бактыбек “Кызыл кыргын, кандуу күрөш китебин” Х.Карасаев, Ю.Абдрахмановдун эмгектеринен, архивдик материалдардан пайдаланып, көркөмдөм жазганын белгиледи.Үй куруучулар партиясынын төрагасынын орун басары Рысбеков Жыргал, Алыкул Осмонов атындагы үйдүн директору Казыбаев Памирбектер 4-5- августтагы “Каркыра” долбоору боюнча Үркүндө каза болгондорго үч эстелик тургузуп,гүл коюп, ата- бабаларга арнап куран окуганын баса белгилеп, эскерип өттү. Үркүн келечектеги жаш муундарга чоң сабак болуп кала берет.
Көргөзмө төрт бөлүмдөн турат: 1.Үркүн азаптары 2.Ак ийилет сынбайт 3. Эскерүү сүртүмдөрү 4. “Өмүр көчүнө”- 20 жыл.(1991-2011) “Азаттык деген асыл сөз” аттуу китеп- сүрөт көргөзмөгө коомдук ишмерлер, тарыхчылар, илимий, маданий кызматкерлер,акын- жазуучулар, китепкананын жамааты катышты.ММК өкүлдөрү интервью алышты.
{mosimage}{mosimage}{mosimage}