Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Б.Бектенованын “Ай тамга” аттуу китебинин бет ачары

01 Окт 2015

2015-жылдын 25-сентябрында А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын концерттик залында акын, жазуучу Бүбүйра Бектенованын “Ай тамга” аттуу китебинин бет ачар салтанатына арналган адабий-музыкалык кече болуп өттү.
Бүбүйра Бектенова Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзуна кечирээк келип кошулса дагы көп жылдык изденүүлөрү, талыкпаган эмгегинин натыйжасында ийгиликке жетише алды. Акындын буга чейин “Мен сыйынган сезимдер” аттуу жыйнагы жарык көргөн. Ошондой эле кыргыз акын-жазуучулары менен бирдикте көптөгөн альманахтарга ырлары байма-бай жарыяланып келет.
Ал эми автордун бул жыйнагы экинчи китеби. “Ай тамга” китебинде Сары- Өзөн Чүйдүн өткөн доору, тарыхый инсандары менен бүгүнкү күндөгү эл оозуна алынган азаматтарынын жашоо-турмушун, кадыр-баркын көркөм баяндаган. Ата конуш, керемет кыргыз жери, адамгерчилик, аялзаты, учкул кыял балалык, жаштык жөнүндөгү ой-туюмдары жыйнактын негизги өзөгүн түзөт.
Китептин негизин түзгөн дагы бир бөлүм — тарыхый даректүү баяндар көркөм сөз менен жакшы жазылган. Андагы айрым эпизоддордо кыргыз элинин чыныгы турмушун, каада-салт, үрп-адатын, адам тагдырын өзгөртүп жиберчү касиетке ээ болгон оң, терс бата алып калуу тууралуу ойлор камтылган.
Чыгармачылык кечеге келген КР улуттук жазуучулар союзунун төрагасы А. Рыскулов, КР эл акыны Г. Момунова, С. Акматбекова, С. Жетимишев, А. Жакшылыков, СССРдин эл артисти К. Сартбаева, Кыргыз эл артисти Д. Жалгасынова, Ж. Ташыбекова, К. Алымкулов, Н. Байболова, О. Шаршенов жана акындын устаты Т. Абдылдабеков ж.б. мамлекеттик, коомдук ишмерлер автордун жаңы эмгеги тууралуу кенен ой бөлүшүп, ийгиликтерди каалап өтүштү.
Ай тамга солто уруусунун эн белгиси. Андыктан ошол туунун алдында бириккен уруунун өкүлдөрү тактап айтканда “Солто” коомунун активдери “Ай тамга” китебинин чыгышы абдан чоң кубаныч болгондугун жашырган жок. Тарыхый инсандар тууралуу кенен маалымат берип, кырк уруу кыргыздын Солто уруусунун чыгаан баатырларын эскерип, алардын баатырдыгын, эрдигин, эрендигин, эл, жер үчүн кылган ак эмгектерин чагылдыргандыгын баса белгилешти.
Чыгармачылык кечени көрүү үчүн келген окурмандар үчүн автордун ырларына жазылган обондуу ырлар жана Арашан элдик ансамблинин чакан музыкалык программасы тартууланды.