Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

БҮГҮН 14-ФЕВРАЛЬ — ЭЛ АРАЛЫК КИТЕП БЕЛЕККЕ БЕРҮҮ КҮНҮ

БҮГҮН 14-ФЕВРАЛЬ — ЭЛ АРАЛЫК КИТЕП БЕЛЕККЕ БЕРҮҮ КҮНҮ
14 Фев 2024
Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы кайрымдуулук акциясын өткөрүп, анын жүрүшүндө Бишкек шаардык карылар жатак үйүндө болуп, аларга кыргыз жана орус тилдериндеги көркөм китептерди белекке беришти ошондой эле жазуучу Төлөнбай Жолдошев, акын,котормочу КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Өктөм Калыева жана «Улуу тоолор» басмаканасынын директору Кенжебек Кадыров китептерин Улуттук китепканага белекке тапшырышты. Авторлорго Улуттук китепкананын атынан терең ыраазычылык билдиребиз жана чыгармачылык ийгилик каалайбыз.