2025-жылдын 31-октябрында А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын “Кыргыз китеби” бөлүмүндө белгилүү жазуучу, эл агартуучу Касымалы Бектеновдун 115 жылдыгына арналган “Баатыр баяны” аттуу китеп көргөзмө уюштурулду.

Китеп көргөзмөнүн максаты – К.Бектеновдун кыргыз адабиятына кошкон салымын даңазалоо, анын чыгармалары аркылуу жаш окурмандарды мекенчилдикке жана адептүүлүккө тарбиялоо.

Көргөзмөдө жазуучунун эмгектери, архивдик материалдары жана сүрөттөр коюлду.