Кыргыз эли миңдеген жылдар бою өз маданиятын, тилин, көөнөрбөс каада-салтын, үрп-адатын, ырым-жырымдарын, адеп-ыйманын, сый-урматын жана башка толуп жаткан эң мыкты касиеттерин сактап келе алды.
Улуттук китепкананын «Кыргыз китеби» бөлүмүнүн окуу залында 2012-жылдын 1-30-июнга чейин «Бабалардын мурасы» деген темада китеп көргөзмөсү уюшулду.
Көргөзмө көптөгөн пайдалуу, кызыктуу материалдар менен камсыз болду жана төмөндөгүдөй мазмунда: Борбордук азиядагы эң байыркы элдердин бири-кыргыздар. Алар Эл болуп жаралгандан өздөрү менен коюн-колтук алыша жашай турган ар кандай түрлөрдөгү, мазмундагы көөнөрбөс улуу адабий-музыкалык мурастардын нечендеген кооз үлгөрүн жаратышкан. Аларда элдин ой тилеги, үмүтү, муң-зары, тунук махабаты, кубанычы, кусалыгы, өкүнүчү, өксүгү, эркиндикке, теңдикке умтуулуулары, адилеттүүлүк, акыйкаттуулук, бактылуу заман үчүн күрөшү, терең ойлуу айтым кептерде, ак-баталарда, мукам обондордогу ырларда, сабатмалуу обондуу «Манас» баштаган дастандарда Жана башка аваздык чыгармаларда даңазаланыа келген. Бабалардын мурастары да коомдун бардык мезгилинде өмүр сүрүп, доордун өнүгүшүнө, талабына жараша өзгөрүп, жаңыланып, алымча-кошумчаланып, ар кандай сапаттарга, түрлөргө өтүп түбөлүктүү жашоосун уланта берген жана элдин кенчине айланган. Баарынан да карапайым калкты рухий жактан байытып, ички дүйнөлөрүн тазартып, ар тараптан жетилткен. Андай ата мурастар ар кандай шартта, жагдайда, түркүн түрдө:жеке ансамблдешип, музыкалык аспаптардын коштоосуз аткарылган. Алар болсо эне тилибиздин, улуттук оозеки адабиятыбыздын уңгулуу уюткусун түзгөн. Алар өнөр алды Кызыл тилибиздин кудурети менен ооздон-оозго көчө, кылымдардан кылымдарды кыдыра бабадан атага, атадан балага, укумдан тукумга мурас катары өткөн.