Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«БАЙЛЫК ТҮПТӨГӨН АДАМДЫКЫ, ДАҢК ТАЛЫКПАЙ ЭМГЕКТЕНИМ КҮТПӨГӨН АДАМДЫКЫ» ӨМҮРКУЛ ЖАКИШЕВ

«БАЙЛЫК ТҮПТӨГӨН АДАМДЫКЫ, ДАҢК ТАЛЫКПАЙ ЭМГЕКТЕНИМ КҮТПӨГӨН АДАМДЫКЫ» ӨМҮРКУЛ ЖАКИШЕВ
17 Апр 2024

2024- жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын “Кыргыз китеби” бөлүмүндө адабиятчы, сынчы Өмүркул Жакишевдин туулган күнүнүн 115 жылдыгына карата “Байлык түптөгөн адамдыкы, даңк талыкпай эмгектеним күтпөгөн адамдыкы” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду. Жакишев Өмүркул 1909 – жылы Кант районунда Үч-Эмчек айылында туулган. Ө. Жакишев-адабятчы, сынчы, кыргыз профессионал адабиятын баштоочулардын бири, “Манас” изилдөөчү жана түзүүчү. Фрунзедеги жатак мектепте, педтехникумда, кийин САКУ да, Москвадагы басма институтунда окуган. “Кыргызмамбаста” көркөм адабият боюнча редактор, Кыргызстандын жазуучулар союзунун жооптуу секретары, Кыргыз ССР Министирлер Советинин алдындагы искусство боюнча башкармалыктын начальниги, “Кыргызмамбастын” директору, Кыргыз ТАГдын башкы редактору , Кыргыз ССР ИАнын “Манас” секторунун башчысы болуп иштеген, 1930-жылдан кыргыз адабиятына тийиштүү бир катар рецензия, баяндама, макалаларды жазган, “Манас” эпосун изилдеп эпостун көркөм чен-кудуретин, кыргыз жана үйнөлүк оозеки адабияттагы ордун, беделин белгилеген. 1946-жылы Москвадан чыккан “Манас” эпосунун бир томдук орусча котормосун редакциялоого катышып, Е.Мозольков, Ш.Сельвиненый, К.Юдахин менен бирдикте кириш сөзүн жазган. “Манас” эпосунун жарыяланган курама 4 томдугунун башкы редакторунун орун басары болгон. Өмүркул  Жакишевдин чыгармачылык ишмердиги жогору бааланып “Ардак белгиси” ордени, “Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган.

Китеп  көргөзмөгө төмөнкү китептер коюлду: Адабият Ф – 1937ж, Адабият хрестоматиясы -1937ж, Улуттук энциклопедия, Кыргыз адабиятынын тарыхы, Кыргыз Республикасынын жазуучулары, “Манас” үчилтиги жөнүндө ж.б.