Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Бексултан Жакиевдин 75 жылдыгы

04 Июл 2011
2011-жылдын 30-июнунда саат 14:00 дө КР Опера жана балет театрында өлкөнүн Президенти Роза Отунбаеванын катышуусунда Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бексултан Жакиевдин чыгармачыл ишмердигине арналган мамлекеттик деңгээлдеги жыйын болуп өттү.
Мында Улуттук китепкана тарабынан даярдалган китеп- сүрөт көргөзмө катышуучулардын көңүлүн өзүнө өзгөчө буруп турду. Анткени Бексултан Жакиевдин алгачкы 21 жашында жазган ”Атанын тагдыры” драмасынан баштап , 30 дан ашык драма, аңгеме, сценарийлери, орус жана кыргыз тилинде чыккан китептери азыркы учурга чейинки чыгырмачылыгын тастыктаган бүт эмгектери, калемдештери, үй- бүлөсү, устаттары, өнөрпоздор менен түшкөн сүрөттөрү коюлду.Залкар драматург мамлекеттик жана коомдук иштерди айкалыштырып Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси,Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык комитетинин төрагасы, ЮНЕСКОнун Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Кыргыз маданиятын, театр өнөрүн өнүктүрүүдө сиңирген эмгектери үчүн алган сыйлыктары, медалдары, грамоталары көргөзмөдөн орун алды.Б.Жакиевдин “Манас кимдики?” макаласы “Улуу кыргыз мурасы” китеби манасчылык, дастанчылык, төкмөлүк өнөрлөр ЮНЕСКО тарабынан дүйнөлүк шедевр деп колдоого алынган. “Манас”,”Семетей”,”Сейтек” эпостор үчилтиги Б.Жакиевдин редакторлугу менен чыгарылып көргөзмөгө коюлду.
Кеңеш Жусуповдун “Жан шерик” жаңы китебиндеги Б.Жакиевге арналган “Чын ыклас”,”Талант” , публицистикалары,драматургдун мааракесине карата жазылган макалалары гезитке берген интервьюлары, азыркы кыргыз драматургиясы жөнүндөгү ой- пикирлери орун алды.Кыргыз Республикасынын Улуттук китепкананын директору Бакашова Жылдыз Кемеловна мааракенин катышуучуларын көргөзмө менен тааныштырды. Опера жана балет театрдын чоң залында белгилүү жазуучунун драмаларынан үзүндүлөрдү Ош драмтеатрдын, Кыргыз драм театрдын, Жаштар театрынын артисттери чеберчилик менен аткарып беришти. Эстрада жылдыздары Г.Сатылганова, Г.Байзаковалар кубулжуган үндөрү менен ырларды тартуулашты. Залкар драматург Б. Жакиевди Кыргыз Республикасынын Президенти Р. Отунбаева чын ыкластан куттуктап, Кыргыз маданиятынын тарыхында эбегейсиз из калтыргандыгын баса белгиледи .Кыргыз Республикасынын Баатыры Сүйүнбай Эралиев өзүнүн калеминен жаралган көркөм ыр саптары менен куттук айтты.
Бексултан Жакиевдин 75 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын көңүлдүү аяктады.