Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Бексултан Жакиевдин 80 жылдыгына арналган «Кеменгер инсан, заман залкары» аттуу китеп-сЇрйт кйргйзмй

30 Июн 2016
2016-жылдын 1-июлунда саат 1100дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу, драматург, белгилүү коомдук ишмер, профессор Бексултан Жакиевдин 80 жылдыгына арналган «Кеменгер инсан, заман залкары» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөнүн ачылышы болот.
Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөмбаев айылында туулган. 1953-ж. орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине кирген. 1960-1962-жылдары Б.Жакиев Москвадагы Жогорку сценаристтик курста окуган.
Эмгек жолун 1958-ж. КММИде окутуучулуктан баштаган. 1963-ж. “Кыргызфильм” киностудиясынын сценарийлер-репертуарлар коллегиясынын мүчөсү, 1968-1972-ж. – кино боюнча башкы редактор, 1975-1983-жж. Кыргыз ССР Маданият министрлигинин бириккен репертуардык-редакциялык коллегиясынын башкы редактору, 1972-ж. Кыргыз ССР Мамкиносунун башкы редактору, 1984-1987-ж. Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун доценти болгон. 1988-ж. Республиканын театрдык ишмерлер союзунун башкармасынын секретары болгон. 1992-ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, 1994-2000-ж. Манас эпосунун 1000 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын көркөм жетекчиси (“Манас”-1000”), кийин Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство, архитектура боюнча Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитетинин төрагасы болгон. Азыркы учурда Б.Жакиев “Дүйнө элдеринин эпостору” Эл аралык ассоциациясынын төрагасы.
Б.Жакиев өзүнүн эмгек жолун 1959-ж. баштап, көп актылуу пьесалардын Республикалык конкурсунда “Атанын тагдыры” деген биринчи пьесасы үчүн сыйлык алган, ал пьеса ушул кезге чейин республиканын театрларында коюлуп жүрөт. Б.Жакиевдин “Миң кыял”, “Алтын аяк”, “Өкүм”, “Эртең жаңы жыл”, “Күттүргөн жаз да келээр”, “Күтүү”, ”, “Саадак какты”, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” деген кийинки чыгармаларында драматургдун көп кырдуу таланты ачылган. “Саадак какты” драмасы боюнча балет жазылган.
Жазуучунун “Бороондуу жолдо” повести анын белгилүү чыгармаларынын бири, анда эски салттарга, текеберликке, эски доордун калдыктарына каршы күрөш проблемасы көтөрүлгөн. Автор өз чыгармасында бийик ыймандык жана идеялык принциптерди көтөрүп, жүрөгүнө жакын идеалдарды үгүттөйт. Б.Жакиев көптөгөн драмалардын, новеллалардын, аңгемелердин, киносценарийлердин жыйнактарынын автору. Б.Жакиевдин сценарийлери боюнча “Мурас”, “Өнөр баяны” көркөм фильмдер тартылган.Б.Жакиевдин пьесалары менен аңгемелери орус, казак, тажик, түркмөн тилдерине которулган.
Б.Жакиев чебер котормочу катары да белгилүү. Ал С.Алешиндин “Палатасын”, С.Михалковдун “Кызыл галстугун”, Б.Брехттин “Өлөрман эне жана анын балдары” деген чыгармаларын, атактуу Кожо Насирдин жөнүндө китепти кыргызчага которгон.
Б.Жакиевдин коомдук ишмер катары “Манас” эпосун изилдөөгө жана жайылтууга кошкон салымы зор. Жазуучу ЮНЕСКОнун иши боюнча Кыргызстандагы Улуттук комиссиянын көмөгү менен “Кыргыз эпосторун айткан акындардын өнөрү” деген долбоорду демилгеледи. Бексултан Жакиевдин авторлугу жана координаторлугу менен аткарылган бул долбоор 2003-жылы 7-ноябрда Парижде ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында “Адамзаттын оозеки мурастарынын шедеври” деп расмий киргизилген.
Дүйнө жүзү боюча ар кайсы өлкөлөрдөн 90 өнөр “Шедевр” атагына татыктуу болгон. 90 дун ичинен жетөөно ЮНЕСКО “Шедеврлердин Шедеври” атагын ыйгарган .Алар төмөнкулөр: Белгия, Боливия, Камбоджа, Кыргызстан, Мадагаскар, Маливи, Марокко.
Б.Жакиев “Манас” эпосунун жыйынтыкталган вариантын да даярдаган, ал кийин кыргыздын Манас эпосу Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин демилгеси боюнча кайрадан басып чыгарылган. Ал Манас эпосун якут тилине жана Саха элинин Олонхо баатырдык эпосун кыргыз тилине которуу боюнча чоң долбоордун демилгечилеринин бири, бул долбоор боюнча чыккан китептердин Бишкекте бет ачарлары өткөрүлдү.
“Дүйнө элдеринин эпостору” эл аралык ассоциациясынын төрагасы болуу менен Б.Жакиев Кыргызстанды оозеки мурастардын дүйнөлүк борборлорунун бири катары таанытуу боюнча чоң иш аткарып жатат. 2006, 2012-жж. Кыргызстанда Оозеки маданияттын дүйнөлүк фестивалы өткөрүлүп, анын негизги максаты уникалдуу салттуу өнөр катары айтуучулукту сактоо жана өнүктүрүү болду. Б.Жакиевдин колдоосу менен республиканын региондорунда жана шаарларында сегиз студия мектеп ачылып, аларда Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Замирбек Үсөнбаев жана башка залкарлар жаш акындар менен манасчыларга өз тажрыйбаларын жана чеберчиликтерин үйрөтүштү.
Б.Жакиев бүгүнкү күндө коомдогу, искусство, маданият, адабияттагы ар кыл проблемалар боюнча басма сөздө, телерадиодо активдүү граждандык позициясынан тайбайөз сөзүн айтып келет.
Б.Жакиев көп жылдык чыгармачыл ишмердиги үчүн жогорку даражалуу чыгармачыл уюмдарга бир нече жолу мүчө болуп шайланган, ал – СССРдин жана Кыргызстандын Жазуучулар союздарынын, СССРдин жана Кыргызстандын Кинематографисттер союздарынын, ССССРдин жана Кыргызстандын Театрдык ишмерлер союздарынын, СССР Маданият министрлигинин Көркөм кеңешинин мүчөсү болгон.
Республиканын адабиятына жана маданиятына кошкон зор салымы жана өтөгөн эмгеги үчүн көптөгөн мамлекеттик сыйлыктар, наамдар менен сыйланган. Ал Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз ССР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Казакстандын Т.Айбергенов атындагы эл аралык сыйлыгынын, Жамбул Жабаев атындагы сыйлыгынын, “Руханият” сыйлыгынын лауреаты, 3-даражадагы “Манас” ордени, “Даңк” медалы, “Астана” медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы, Республикасынын “Гражданская доблесть” Саха (Якутия) белгиси менен сыйланган.
“Кеменгер инсан, заман залкары” көргөзмөсү 4 бөлүмдөн турат:
1. “Көөнөргүс кенчке айланган талант”;
2. “Манас – рух дөөлөтүм, башкы байлыгым”;
3. “Эмгек даңкка жеткизет”;
4. “Эр атагын эл сактайт”.
Көргөзмөдө Б.Жакиевдин чыгармалары, макала, интервьюлары, жазуучунун чыгармачылык жана өмүр жолу чагылдырган фотодокументтер, замандаштарынын гезиттердеги жана журналдардагы макалалары коюлган.
Иш-чарага КР расмий адамдары, Президенттин, Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, илимий, билим берүүчү жана маданий мекемелердин кызматкерлери, студенттер ждана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышат.
Дареги: Бишкек ш. Ю. Абдрахмановкөч., 208
КыргызРеспубликасынынУлуттуккитепканасы. Тел.: 30-50-57, 30-47-04