Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Белгилүү акын Дүйшөн Жапаровду эскерүү

Белгилүү акын Дүйшөн Жапаровду эскерүү
14 Мар 2024

Массалык — маалымат жана маданий программалар бөлүмү тарабынан 14- мартта белгилүү акын Дүйшөн Жапаровду эскерүүгө арналган жана «Дүйшөн Жапаров» аттуу китебинин бет ачаары өткөрүлдү. Иш — чарага Кыргыз Эл акыны Кожогелди Култегин,Кыргыз Эл акыны Кыялбек Урманбетов, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Атантай Акбаров, жазуучу,адабиятчы, журналист Дүйшөн Керимов,адабиятчы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,жазуучу Жумабек Токтогазиев, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Өктөм Калыева, адабиятчы,сынчы Аскар Медетов, акын,» Кут билим» гезитинин башкы редактору Майрамбек Токторов,акын, журналист Жийде Абдымамытова, акын, публицист Жыргалбек Касаболотов жана башкалар катышып,акынды эскеришти. Дүйшөн Жапаровдун уулу Эсенгул атасынын ырларынан жатка окуп ,ошондой эле өзүнүн атасына арнаган ырын окуп берип, катышуучуларды ыраазы кылды. Эскертүүнүн соңунда акын Дүйшөн Жапаровдун жубайы сөз сүйлөп,катышуучуларга ыраазычылык билдирди.