Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Белгилүү музыка таануучу, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор Камчыбек Дюшалиевдин туулган күнүнө 80 жыл

Белгилүү музыка таануучу, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор Камчыбек Дюшалиевдин туулган күнүнө 80 жыл
13 Мар 2024

2024-жылдын 13-мартында Маданият жана Искусство бөлүмүндө КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү музыка таануучу, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор Камчыбек Дюшалиевдин туулган күнүнө 80 жыл толгондугуна байланыштуу китеп- сүрөт көргөзмөсү коюулат.
Камчыбек Дюшалиев 1944- жылы 13- мартта Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айлында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1964-жылы Бишкектеги Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын, 1970- жылы Алма-Атадагы Курмангазы атындагы консерваторияны бүтүргөн.Улуттук илимдер академиясынын аспирантурасын бүтүп, 1976-жылы кандидаттык, 1991-жылы докторлук диссертацияларын коргогон. Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда, И. Арабаев атындагы педагогикалык университетинде, Улуттук илимдер академиясында иштеген.
Окумуштуу музыка таануучу 1982-жылы Москвадан басылып чыккан “Киргзская народная песня” аттуу монографиясы кыргыздын элдик ырларынын обондук теориясына, интонациясына, ладдык системасына, ыргактык жана форма тузуучулук структураларына обон менен тексттин өз ара байланыш өзгөчөлүктөрүнө арналса, кийинки изилдөөлөрү негизинен кыргыз элдик аваздык музыкасынын теориялык маселелерине арналган.
К. Дүйшалиев практикалыык фольклористиканы нотага түшүрүү иши боюнча 100гө жакын кыргыз элдик ырларынын үлгүлөрүн: “Каныкейдин Тайторуну чабышын,” кенже эпостордон “Курманбек,” “Жаныш- Байыш,” “Саринжи- Бөкөй,” “Гүлгаакы,” “Ак-Мөөр,”үй-бүлө фольклорунан “Бешик ыры,” аза күтүү фольклорунан “Кошокторду,” үйлөнүү фольклорунан “Кыз узатууну” нотага түшүргөн.Композитор, дирижер Б. Ферерман нотага түшүргөн кесипкөй комузчулардын 30 га жакын күүлөрүн басмага даярдаган