Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Белгилуу жазуучу жана котормочу Мелис Абакиров 70 жашта

23 Мар 2010

Белгилүү жазуучу жана коомдук ишмер Мелис Абакиров Чүй районунун Бурана айылында 1940-жылы туулган. Орто мектепти аяктап, Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1963-жылы мугалим болуп иштөөдөн баштаган.1965-1970-жж.Ысык-Көл облусундагы Тоң райондук “Эмгекчил” гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары,1970-1971-жж.”Ленинчил жаш” гезитинин бөлүм башчысы, 1971-1979-жж.”Советтик Кыргызстан” гезитинин адабий кызматкери, өз кабарчысы, жооптуу катчынын орун басары,1979-1985-жж.Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинин башкы редактору, 1985-1988-жж.”Мектеп” басмасында бөлүм башчы, 1988-жылдын август айынан “Адабият” басмасынын башкы редактору,1998-2005-жж.”Акыл” акционердик коомунун төрагасынын орун басары-“Кыргызстан” басма үйүнүн башкы редактору,1998-2006жж.”Акыл” мамконцеринин директорлор Кеңешинин төрагасы, 2004-жылдын декабрь айынан 2007- жылдын март айына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун катчысы болуп иштеген, Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңирген пенсионер.Алгачкы аңгемелери студенттик жылдарда жарыяланган.Ондогон повесттердин, эки романдын автору.Л.Н.Толстойдун, Х.Хименестин, О.Шестинскийдин, Арпад Генцтин ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
20-мартта Улуттук китепканада белгилүү жазуучу М.Абакировдун 70 жылдык юбилейине карата жаш таланттардын поэтикалык окуу кечеси болуп өттү.
Мында Токтосун Самудинов,Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы А.Алымбаев,С.Алтымышев,А.Сариев,”Нур борбор” жаштар чыгармачылык бирикмесинин башчысы Н.Калыбеков ж.б. белгилүү жазуучу – акындардын катышуусунда жаш таланттар М.Абакировдун чыгармаларын жогорку деңгээлде образдуу көркөм окуп беришти.
Поэтикалык кечеге массалык маалыматтык каражаттарынын өкүлдөрү келип катышты.
Аягында УЖСнун төрагасы А.Алымбаев кечени жыйынтыктап Улуттук китепкананын жамаатына ыраазычылыгын билдирди.