Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

БелгилЇЇ тилчи-илимпоз, педагог жана котормочу

27 Окт 2016
2016-жылдын 26-октябрында Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн залында белгилүү тилчи-илимпоз, педагог, котормочу, манастаануучу Зияш Бектеновдун 105 жылдыгына арналган. «Белгилүү тилчи-илимпоз, педагог жана котормочу» аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Белгилүү тилчи-илимноз, педагог, котормочу, манастаануучу, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу 3. Бектенов 1911-жылы 29-октябрда Түп районундагы Кең-Суу айылында дарыгердин үй-бүлөсүндө туулган.
Ал 1925-жылы айылындагы башталгыч мектепти аяктап, Пишпекке келип пед-техникумдан окуп 1930-жылы бүткөн. Ошол эле жылы Сүлүктү райондук эл агартуу болүмүнүн жетекчиси болуп иштеп, өзунө тапшырылган тармакты тыкан уюштуруп, окуу, тарбиялоо иштерин жаныча жүргүзүү үчүи болгон күчүн жумшап иштеп тажрый- ба топтогон.
1931-1932-жылдары 3. Бектенов Борбордук басма комитетинин Президиумуна караштуу СССР элдеринин Борбордук басмасынын Кыргыз секциясынын жооптуу катчысынын орун басары болгон. Москвадагы Чыгыш элдеринин коммунисттик университетинин даярдоо курстарына сабак берип, 1932-жылы кайра Фрунзеге келип Кыргызмамбаета окуу-методикалык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Т. Байжиев менен биргелешип 3-4-класстар үчүн Кыргыз тили боюнча тунгуч окуу китебин түзүшөт. Бул анын илимпоздук багытындагы алгачкы кадамы болгон. Болочок окумуштуунун ойлогон ой-максаты, тилеген тилеги ишке ашып, Кыргыз Мамлекеттик педагогика институтунан окуусун улантып, таанымал филолог-окумуштуу Е. Д. Поливанов баш болгон окумуштуулардан сабак алат.
1940-жылы институтту ийгиликтүү аяктап, Караколдогу мугалимдер институтунда кесиби боюнча иштеп, директордун орун басарлыгыяа чейин көтөрүлөт. 1942-жылы Советтик Армиянын катарыиа чакырылып, 1946-жылга чейин кызмат өтөгөн.
Армиядан келгенден кийин 1950-жылга чейин СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалында, Тил, адабият жана тарых институтунда кенже, ага илимий кызматкер, андан кийин КыргФАНдын кыргыз фольклору жана "Манас” эпосу секторунун башчысы, кенже илимий кызматкер болуп иштеп, 1949-жылы СССР ИАсынын аспирантурасын бүтүп, илимий ишин жактоонун түйшүгүндө жүргөндө күтүүсүздөн камакка алынат,
Адамдын тагдырын кол жоолуктай оюнга айландырган тоталитардык бийликтин ага койгон күнөөсү — эл душманы, улутчул, К. Тыныстановдун окуткан кадры деген жалаа менен 10 жылга түрмөгө кесилет.
3. Бектенов жалган айып коюлуп жатканын далилдеп өз тагдыры үчүн күрөшүп, таза жолдон тайбаганын эли үчүн ак ниет кызмат кылгандыгын далилдүү көргөзүп тиешелүү жерлерге акыйкаттык издеп арыз менен кайрылган.
Өлкөдө саясий абал жакшырып жакшы жагына ооп, күнөөсүз 5 жыл 5 ай отурган окумуштуу 1955-жылы 19-сентябрда акталып бошотулган.
Зркиндикке чыгары менен озүнүн көнгөн ишине киришип, 1956-1961-жылдары “Мектеп”, “Кыргызстан” басмасында, Жазуучулар Союзунун башкармалыгында иштеп, 1961-жылдан эс алууга чыкканга чейин СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методика кафедрасында ага окутуучу-доцент болуп эмгектенген.
“Манас” эпосуна байланыштуу иштерге да активдүү катышып, аны кара созго айланткан. Улуу манасчы С. Орозбаковдун айтымдарын негиз кылып алган анын эмгеги орус тилине которулуп, орус тилдүү окурмандар “Манас” эпосунан толук кабардар болуу мүмкүнчүлүгүно жетишкен.
Орус тилинен которуу маселесин колго алып, өзгөчө драмалык жанрына киришип, Д. Фонвизиндин “Кемпай”, А. Островскийдин “Добул”, К. Гальдонинин “Эки мырзанын малайы”, Н. Хикметтин “Унутулган адам”, Б. Шоунун “Пигмалион” аттуу спектаклдерин которгон. Бул спектаклдер театр сахнасында коюлуп, театр сүйүүчүлөрүнүн сүймөнчүлүгүнө татыктуу болгон.
3. Бектенов орус адабиятынын классиктери Н. В. Гоголдун эки томдук чыгармалар жыйнагын, А. Фадеевдин “Талкалоо” романын которуп, кыргыз окурмандарына тартуулаган.
Илим-билимге кошкон салымы КМУнун окумуштуулар кеңешинин чечими менен бааланып, “Ардактуу профессор” деген жогорку наам ыйгарылган. 1993-1994-жылдары кыргыз тилинин илимий жактан өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы, мамлекеттик тил Мыйзамын жүзөгө ашырууда уюштуруучулук иштерди жүргүзгөндүгү үчүн академик Б. Юнусалиев атындагы “Кыргыз тили” коомунун сыйлыгына татыктуу болгон. Бир нече медалдар, “Элге билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана Ардак грамота менен сыйланган. Ал 1994-жылы дүйнөдөн кайткан.
Көргөзмөгө анын китептери, жыйнактары, ага арналган окумуштуулардын китептери, макалалары публицистикалык материалдар коюлду.
Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208
Кыргыз РеспубликасынынА.Осмонов атындагы Улуттук китепканасы
Тел: 30-50-57, 30-47-04