Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Билим Карагуловдун 75 жылдыгына карата китеп — сурот коргозмосу

04 Май 2011
{mosimage}2011-жылдын 4-майында саат 11:00 дө Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Билим Карагуловдун 75 жылдыгына байланыштуу “Акын, публицист, котормочу” аттуу китеп-сүрөт көргөзмө болуп өттү.
Улуттук китепкананын директору, профессор Жылдыз Бакашова ачып, Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө — корреспонденти Аскаров Теңдикке сөз берди. Т.Аскарович Карагуловдун чыгармачылыгына сынчы катары жогору баа берип, кыргыз маданиятына опол тоодой салым кошуп, бир эле мезгилде партиялык жооптуу кызматта иштөө менен ырларын, котормолорун бийик деңгээлде окурмандарына тартуулады деди. КР Маданият жана маалымат министрлигинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Муктасар Өзүбекович талыкпаган, чарчабаган эмгек адамды алга жетелейт деп акындын тынымсыз эмгекчилдигине токтолду.
Улуттук Жазуучулар Союзунун жооптуу катчысы А.Сариев Билим Карагуловду 75 жылдык мааракеси менен куттуктап, ардагерди ушул жашка келгенине карабай биз менен тыгыз байланышын үзбөй, тынбай чыгармаларды жаратып, жаш калемгерлерге да кеп кеңешин берип келе жатканы үчүн кошундун атынан “Куттуктоо баракчасын “ тапшырды. Кыргыз Эл акыны Т.Самудинов Б.Карагуловду “Кыргызстан пионери” газетасынан калеми төшөлүп такшалып, балдар үчүн “Чырпык”, ”Мандалак”, “Достук”ж.б. чыгармаларды жаратып жеткинчектердин руханий дүйнөсүн байытууда, мекенди сүйүүгө, балдардын достугун чыңдоого баарандуу кызматын арнаганын белгиледи. КР маданиятына эмгеги сиңген ишмер С.Суслова юбилей ээсинин публицистикалык чеберчилик дем менен жазылган “Аалам магелландары”, “Правда” басмасынан рекорддук жүз миңдеген нуска менен чыгышы эле союздук мамлекеттерге акындын аброюн бийик көтөрүп, “Огонек” сыйлыгынын лауреаты болгондугуна токтолду. Кыргыз Эл акыны Г.Момунова Билим агага жазылган “Карызмын” деген арноо ырын көркөм окуду. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер К.Ашымбаев “Карагулов ниети таза, китепке болгон сүйүүсү күчтүү, руханий байлыкты аздектей билген инсан.” Ошондуктан өзүнүн менчик китепканасындагы 4500 даана китепти Т.Турсунбаева атындагы мектепке белек кылып бериши эле акындын жүрөгүнүн айкөлдүгүн айгинелеп турат деп баса белгиледи.
Билим Карагуловдун шакирти Т.Мүлкүбатов: “Мага сиз акынсыз, коомдук ишмерсиз, мага абдан жакканы сезимдеги серептердин үлгүсү Сизде экени сезилип, жүрөгүмө тумардай тагылып турат.” Соңунда туугандары, кудачалары белектерин берип куттуктап, каалоо-тилектерин билдирди. Китеп-сүрөт көргөзмөгө ММКнын өкүлдөрү, Улуттук китепкананын жамааты, замандаштары, калемдештери, китеп сүйүүчүлөр катышып, көргөзмө өз максатына жетти.
{mosimage}{mosimage}{mosimage}