Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

БИРИНЧИ МАЙ — ЭМГЕКЧИЛЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК ТИЛЕКТЕШТИГИНИН КҮНҮ

БИРИНЧИ МАЙ — ЭМГЕКЧИЛЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК ТИЛЕКТЕШТИГИНИН КҮНҮ
01 Май 2024

Биринчи май — эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү. 1886-жылы АКШнын Чикаго шаарында эмгекчилер эмгек күнүн 8 саат деп белгилөө талабы менен демонстрацияга чыгышкан. Бул күнү жыл сайын жумушчулардын демонстрациясын өткөрүү жөнүндө чечим чыгып, 1889-жылы июлда 2-Интернационалдын Париж конгрессинде кабыл алынган. Кыргызстанда 1-Май майрамы биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Бүгүнкү күндө бул күн майрам катары дүйнөнүн 66 өлкөсүндө белгиленет.»Биринчи Май — баарыбыз эңсеп күткөн, жан-дүйнөбүздү эргиткен, нукура элдик майрам. Тынчтыктын, жаздын, эмгектин символу катары бул күн- муундан муунга жүрөккө сакталып келатат.Өлкөбүздөгү тынчтыкты, ынтымакты, биримдикти көзүбүздүн карегиндей сактайлы! Баарыңыздарга бекем ден соолук, ачык асман, бакыбаттык каалайбыз!, — деп Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасыны жамааты.