
2026-жылдын 23-февралында К.Карасаев атындагы БМУнун жана А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга К.Карасаев атындагы БМУнун ректору М.М.Дылдаев, А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Э.Э.Аттокуров, Журналистика жана маалыматтык системалар факультетинин деканы А.А.Асанова жана социалдык маалымат жана документология кафедрасынын окутуучулары, студенттери катышты.
Жыйындын аягында, ректор менен директор маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоого, өнүктүрүүгө, кадрларды кесиптик даярдоону камсыз кылууга, адистердин кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатууга жана китепкана-маалыматтык чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган меморандумга кол койду.
Улуттук китепкана БМУнун китепкана фондуна тарыхый, адабий жана котормо китептерин тапшырды.