Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Биз коррупцияга каршыбыз! – Мы против коррупции!”

29 Ноя 2017
А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын юридикалык адабият бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик антикоррупциялык саясатын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын негизинде “Биз коррупцияга каршыбыз! – Мы против коррупции!” аттуу такталар жалпыга көрүнүктүү окурмандар залында эне-тилинде жана расмий тилде даярдалган. Максатыбыз коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кенен маалымат жеткирүү.
Тактада Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августу №153 мыйзамында көрсөтүлгөн коррупцияга каршы аракеттенүүнүн негизги принциптерин, коррупцияны алдын алуунун жана аны менен күрөшүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин азайтуунун, жоюунун укуктук негиздерин белгилейт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин жана коомдук кызыкчылыктарды коррупциянын көрүнүштөрүнөн келип чыгуучу коркунучтардан коргоону камсыз кылууга багытталган.
Окурмандар үчүн тактадагы маалыматтар пайдалуу болгондуктан кызыгуу менен таанышылууда.
Дареги: Бишкек ш. Ю.Абдрахманов көч.208
Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын юридикалык адабият бөлүмү.
Тел: 30-50-64