Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Чебер соз кереметине айланган омур

21 Дек 2015

2015-жылдын 8-декабрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде белгилүү жазуучу-манасчы, киносценарист, акын, публицист, котормочу Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгына арналган “Чебер сөз кереметине айланган өмүр” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү.
Көргөзмөнүн ачылышына Жогорку Кеңештин депутаттары Садык Шер-Нияз, Р. Момбеков, К. Бокоев, Маданият, маалымат жана туризм министри А. А. Максүтов, Кыргыз Республикасынын Баатыры, кыргыз эл жазуучусу Б. Жакиев, К. Жусупов, Макелей Өмүрбай, Э. Барпиев, И. Жакыпбеков, К. Жакыпбекова, акын-жазуучулар, маданият кызматкерлери, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Бул иш чараны Улуттук китепкана директору Ж. Бакашова кириш сөз менен ачты. Ал төмөнкүлөргө токтолду. А. Жакыпбеков кыргыз жазма маданиятынын тарыхынан өз ордун тапкан өмүр. Бирок ал улут адабият тарыхында Ч. Айтматовдун повесть, романдарын кызылы менен кызыгынан кемитпей, кыргыз окурмандарына кылымдан-кылым карытар асыл сөз кылып жеткирген сүрөткер-котормочу, жана эпос өзөктүү “Теңири Манас” романын жараткан жазуучу-манасчы.
Сөз сүйлөгөндөр А. Жакыпбековдун чыгармачылыгына кеңири токтолушуп, асылдан бүткөн ак эмгек адамды кайра жаратып, эмгектери кыргыз адабиятында түбөлүктүү сакталып кала бермекчи дешти. Ал кыргыз сөзүнүн кылымында бир жаралчу көркөм касиетин тапкан, калеминин учунан туйгун куш шаңшып үн салган ашкере чебер жазуучу эле деп баса белгилешти. КР Баатыры, кыргыз эл жазуучусу Б. Жакиев анын студенттик күндөрүн, үй-бүлөсү менен чогуу курсташ катары да, калемдеш катары да жакшы мамиледе болуп жүргөндүгүн, башынан өткөргөн бир топ кызыктуу окуяларды айтып өттү. А.Жакыпбеков поэзияда да бир топ ырларды жараткан. “Издеп жүрөм”, “Аппагым”, “Сагыныч” деген ырларына мукамдуу обондор жазылып, сүймөнчүлүк менен ырдалып келатат.
А.Жакыпбеков жеке эле жазуучу эмес чыгаан кинодраматург, чебер котормочу. “Ысык-Көлдүн апийими”, “Ата Журт”, “Айдагы жезкемпир” деген анын сценарийлери кинотасмада тартылып көрүүчүлөргө тартууланган.
Дүйнөлүк адабият классиктеринин кенчине кирген М.Горькийдин “Түпкүрдө”, А.Чеховдун “Эже-сиңдилер”, М.Лермонтовдун “Биздин замандын уулу”, С.Цвейгдин “Бейтааныш аялдын каты” деген чыгармаларын көркөм которгон.
Заманыбыздын залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун чыгармаларын эң жогорку көркөмдүүлүктө которгон.
А.Жакыпбеков улуу “Манас” эпосун көркөм сөз менен жазып, артына асыл мурас калтырып кетти. “Теңири Манас” оригиналдуу, залкар чыгарма. Көргөзмөгө таланттуу жазуучунун жазган бардык китептери, котормолору, макалалары, публицистикалары, фотодокументтери ж.б. материалдары коюлду.
Өткөрүлгөн иш-чара басма сөз, радио берүүлөрдөн чагылдырылып, өз максатына жетти.