Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Чебер жазуучу, кинодраматург, публицист жана устат

11 Авг 2017
2017-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери Борбиев Эркин Бейшеналиевичтин туулган күнүнүн 80 жылдыгына арналган “Чебер жазуучу, кинодраматург, публицист жана устат” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Жазуучу, публицист, драматург Э.Борбиев 1937-жылы 12-августта Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.
Алгач айылындагы мектептен окуп, Бишкектеги №5 кыргыз орто мектебин бүтүп, 1960-1966-жылдары КМУнун филология бөлүмүнүн журналистика бөлүмүнөн билим алат. Эмгек жолун райондук “Эмгек даңкы” газетадан баштаган.
Э.Борбиевдин жазуучулук шыгы, коомдук ишмердиги эриш-аркак башталып, ал алгач комсомолдук ишке такшалып, райондук комитеттин катчылыгынан баштап, Кыргызстан ЛКЖС БКнын жаштар бөлүмүн жетектеген.
Ал 1973-1977-жылдары Москвадагы киносценаристтердин жана кинорежиссерлордун жогорку курсун окуп бүтүп, Кыргызстан кинематографисттер Союзунун башкармасынын катчысы, төрагасынын орун басары болуп көп жылдар үзүрлүү иштеди. Адабий чөйрөгө турмуштук бай тажрыйба менен эмес, кең прфессионалдык даярдыктар менен келген.
Анын дараметтүү кинодраматург экени “Ташка баткан жылмаюу”, “Советтик Кыргызстандын кинонамасы”, “Он үчүнчү небере”, “Автопоезд”, “Солдатенок” деген толук метраждуу көркөм жана “Каардуу жылдардын хроникасы”, “Сыноо” аттуу даректүү кинофильмдерге, ошондой эле маалымат фильмдерине жазган сценарийлеринен даана көрүндү. Кыргыз мультипликациясынын алгачкы туундусуна негиз болгон “Таргыл мышыктын таржымалы” деген жомок аңгемеси өзгөчө кичинекей балдардын сүймөнчүлүгүнө татыктуу болгон. “Сандардын чатагы” мультипликациясынын сценарийин жазып, улуттук киноискусствонун жаңы турүн уюштуруу ишинде да өзүнүн ири салымын кошкон.
Кинодраматург эки канатын бирдей кагып улам бийиктеп чабыт алып, жалаң эле кино багытында эмес, адабиятка кызыгып “Мен жазды сагындым”, “Кайрадан саат тогузда”, “Мала күндүн батышы” деген аңгеме жана повесттер жыйнактары, орус тилинде жарык көргөн “Бейшемби күнү жаандан соң” аттуу чыгармалары менен кыргыз жазуучуларынын катарынан өз ордун тапты.
Жазуучунун чыгармаларынын өзгөчөлүгү бүгункү күндүн учур маселелерин козгоп, адамдын адеп, ыйман ахлактык касиеттерин ачып берген.
Улуттук адабияттын салттарынан жазбай ага кайра өзүнчө бир өзгөчө жаңылык кошуу аркылуу орус жана европа адабиятынын чеберчилигинен агып чыкканазыркы адабий жетишкендиктердин мыкты үлгүлөрүн терең өздоштүрүп чыгармаларындагы реалдуулукту, фантазия менен гротескти жеңил-желпи беришинин себеби да ошондон.
Ал Ю.Герман, С.Фарьфелдин чыгармаларын да которгон.
Анын чыгармачылык ишмердиги бааланып, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери (1982) деген ардактуу наам ыйгарылып, медалдар, Ардак грамоталар жана “СССР кинематографисттеринин отличниги” төш белгиси менен сыйланган.
Көргөзмөгө Э. Борбиевдин китептери, повесттери, аңгемелери,ал жөнүндөгү макалалар орун алган.

Дареги: Бишкек ш: Ю.Абдрахманов көч. 208
Кыргыз Республикасынын А.осмонов атындагы Улуттуккитепканасы
тел: 30-50-57, 30-47-04