Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Чет өлкөлөрдөн келген китепкана кызматкерлери Улуттук китепкананын иши менен таанышты

Чет өлкөлөрдөн келген китепкана кызматкерлери Улуттук китепкананын иши менен таанышты
16 Июн 2025
  1. Бүгүн, 16-июнда, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканын директору Айнура Аскарова эл аралык китепканачылардын тобу – Болгариядан келген Аделина Брзашка, Радина Китанова, Мьянма өлкөсүнөн келген Вин Зан Тур, Сингапурдан келген Джина Да Алвис, Бразилиядан келген Мария Имакулада Да Кашесу, Чехиядан келген Рейза Алензуела, АКШдан келген Акрам Хабибулла, Палаш Босганг, ошондой эле Индиядан келген Лата Суреш, Eclat компаниясынын өкүлү Амит Кумар, Ibooks компаниясынын өкүлү Андрей Соколов менен жолугушту.

Жолугушууга эл аралык китепканачылар тобунан тышкары Борбордук Азиядагы Америка университетинин кызматкерлери Жылдыз Бекбалаева, Мадина Керимова, Толгонай Кожоканова, ошондой эле Улуттук китепкананын тиешелүү бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Жолугушууда өз ара кызматташуу, тажрыйба алмашуу, санариптешүү, илимий жана маданий чөйрөдө кызматташтык, биргелешкен демилгелер боюнча кеңири пикир алмашуу болуп, эл аралык профессионалдуу байланыштарды чыңдоого кадам ташталды.