Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Четин Жумагулов 80 жашта

19 Май 2017
2017-жылдын 30-апрелинде А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын “Кыргыз китеби” бөлүмүндө тилчи-түрколог, илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Четин Жумагуловдун 80 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Четин Жумагулов 1937-жылдын 3-мартында Чүй областындагы Кант районунун Четинди айылында туулган. КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1960). Кыргыз ССР ИАнын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер (1960-62), Кыргызстан ЛКСМ БКнын агитация жана пропаганда бөлүмүндө инструктор (1962-64), Кыргыз ССР ИАнын аспиранты (1964-67), Кыргыз Совет энциклопедиясынын Башкы редакциясында улук илимий редактор, редакция башчысы, жооптуу секретарь (1968-72), Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, сектор башчысы (197290), Тарых институнун алдындагы Терминология бөлүмүнүн башчысы (1990-94), Лексикология жана лексикография бөлүмүнүн жетектөөчү илимий кызматкери (1995), КР УИАнын Манас таануу жаа көркөм маданияттын улуттук борборунун бөлүм башчысы (1995-2003), 2003-жылдан Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакторунун орун басары.
Илимий ишинин негизги багыты Кыргызстандагы эпиграфикалык эстеликтерди изилдөө жана кыргыз терминологиясынын, түркология илиминин көп кырдуу маселелери болгон. Ч. Жумагулов Кыргызстандын аймагындагы эски доорлордон калган жазуу эстеликтерин (рун, уйгур, несториан, араб, тибет, калмак жана башка) изилдеп, жарыялап, илимий чөйрөгө алып чыккан жана бир катар жаңы эстеликтерди ачкан. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында кыргыздын тарыхый адамдарына (Жантай, Өзбек, Шабдан, Муратаалы баатыр жана башка) коюлган эстеликтердеги жазууларды биринчилерден болуп окуп, которуп жарыялаган. Профессор Четин Жумагулов 300дөй илимий эмгектердин автору. Эмгектери чет тилдерге да которулган. Орус, казак тилинен бир нече көркөм чыгармаларды кыргызчага которгон.
Китеп-сүрөт көргөзмөгө Ч. Жумагуловдун “Эпиграфика Киргизии”, “Язык сиро-тюркских (несторианских) памятников Киргизии”, “Кыргызстандын эпиграфикалык эстеликтери”, “Кыргызстандын байыркы эстеликтери”, “Эпиграфические памятники древнего”, “ Кыргыз терминологиясынын айрым актуалдуу маселелери”, “Кыргызстандагы несториан түрк эстелик жазуулары (XIII-XIV кылымдар)” ж. б. илимий эмгектери, котормолору коюлду.

Дареги: Бишкек ш. Ю.Абдрахманов көч. 208
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы.
Тел: 30-50-57