Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“ЧОҢ ЧАРЫК ТУКУМДАРЫ: САНЖЫРА, ПОЭТИКАЛЫК ЖАНА ПРОЗАЛЫК ЧЫГАРМАЛАР” ЖЫЙНАГЫНЫН БЕТ АЧАРЫ

“ЧОҢ ЧАРЫК ТУКУМДАРЫ: САНЖЫРА, ПОЭТИКАЛЫК ЖАНА ПРОЗАЛЫК ЧЫГАРМАЛАР” ЖЫЙНАГЫНЫН БЕТ АЧАРЫ
19 Апр 2024

2024-жылдын 19-апрелинде А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын юридикалык бөлүмү, Чүй кайрыктары адабий уюму менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү, акын-жазуучу, Советтик армиянын майору, апрель элдик революциясынын баатыры, Москва кайрыктар адабий клубунун ардагери Шералиев Жыргалбек Байыевичтин калемине тийешелүү “Чоң чарык тукумдары: Санжыра, поэтикалык жана прозалык чыгармалар” жыйнагынын бет ачары болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин техникалык илиминин кандидаты, доцент Бактыгулов Кадаңбай Бактыгулович, Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү, Москва кайрыктар адабий клубунун ардагери, акын Өктөм Мамаева, “Нарын-Теңир Тоо” аймактык коомдук уюмдун негиздөөчүсү, төрайымы, “Көөкөрүм – Көнөрбөс мурасым” чыгармачылык тобунун жетекчиси Сайранбүбү Баялиева жана Чүй кайрыктар уюмунун мүчөлөрү о.э. китеп сүйүүчү күйөрмандардын катышуусунда өткөрүлдү.
Сайранбүбү Баялиева иш-чаранын ачылышында Жыргалбек Шералиевдин өмүр баянына терең токтолуп, маданиятка кошкон салымы өтө жогору экенин жана бул чыгармада миграцияда жүргөн адамдардын балдарынын көйгөйү жазылганын белгиледи.
Бактыгулов Каданбай Бактыгулович ар бир кыргыз өзүнүн жети атасын билүүгө милдеттүү жана санжырага тактык терең талап кылынаарын айтып өттү.
Өктөм Мамаева эжебиз чыгармада берилген, көптөн берки өлкөдө чоң көйгөй миграцияга терең токтолуп, ата-энелери тирүү туруп балдары жетимден айырымасы жок, баланын чагылдырышы тууралу айтып, мамлекеттик деңгээлде каралышы керектигин, азыркы жашоону чоң көйгөйүү экенин белгилеп кетти.
Иш-чара көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси, Макебаева Алмагүл эженин төкмө ырларынын коштосунда жана Азамат Шералиевдин алып баруусунда өттү.