Бугунун арыкмырза уруусундагы байым уругунан чыккан белгилүү манасчы Чоюке Өмүр уулу 1863 –жылы Ысык- Көлдүн Түргөн болуштугуна караштуу Кара- Бөлтөк айылында дүйнөгө келген.
Ал кадимки Саякбай Карала уулунун устаты болгон. “Чоюке- чынар, мен- чырпык. Чоюке – бүркүт, мен –чымчык” деп, кезегинде анын талантына Саякбай Карала уулу баа берген. Калың эл өз кезегинде Чоюкедей эч ким айта албайт дешкен.
Чоюкенин түшүнө баатырлар көп жолу аян берген ошондон кийин Чоюке “Манас”, “Семетей”, “Сейтекти” эл алдында айтып чыккан.
Чоюкенин көлдүн көкүрөгүндө “Манас” айтпаган айылы, эли калбаган. 1910- жылдары Чоюке Таласка барып Манастын күмбөзүнө сыйынат.Үч жыл бою Талас, Чүй өр өөнүндө “Манас” айтып жүргөн. Өзү айтылуу Акылбек менен Тыныбектерден үлгү алган. Бирок эл Чоюке өз устаттарынан да мыкты айтат дечү экен. Айрыкча Каныкейдин Тайторуну чапкан жерин айтканда, ыйлабаган киши калчу эмес экен. Айтылуу Саякбай Карала уулунун эскерүүсү боюнча: “Чоюке узун бойлуу, ак жүздүү, чокчо сакал киши болгон. Ал эпостун “Манас” бөлүгүн “Чоң Казаттан” баштап, “Каныкейдин Букарага качышы” менен бүтүргөн.
Манасчы Шаабай Азизовдун айтуусу боюнча чоң атасы Чоюке “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”. “Эр Сарык”, “Алымсарык”, “Кулансарык”, “Кенен”, “Акаяр”, “Акжол” атуу бөлүктөрдү айткан.
“Манас” эпосунан сырткары Чоюке “Эт Төштүк”, “Жаныш-Байыш”, “Жүгөрү” өңдүү дастандарды да айткан.
Чоюке 1924-жылы Бишкек калаасына чакырылып, элдик өнөрпоздордун кароосуна катышат.
Чоюкени ээрчип жүрүп “Манасын” уккан жана таалим алган манасчылар – бир тууган иниси Азиз, Саякбай Карала уулу, Мамбетаалы Ашымбай уулу, Осмонаалы Алтыбай уулу болгон.
Ал эми Тоголок Молдонун чыгармасында:
“…Чоюке менен Саякбай —
Көлдөгү бугу Арыктан,
Баарысын айтып бүтүрдү,
Манасты айтып тарыхтан.
Чоюкени көрбөдүм …” деп, XX кылымдын залкар манасчысы Чоюке тууралуу эскерет.
Эл оозунда уламага айланган белгилүү манасчы 1925 -жылдын жаз айларында өз айылында дүйнө салган.