2025-жылдын 4-декабрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында жазуучу Мухамад Абдикуловдун котормосунда кыргыз тилинде жарык көргөн «Чыгыш Түркстан тарыхы» аттуу китептин бет ачары болуп өттү. Иш-чарага профессор М.Таиров, тарых илимдеринин кандидаты К. Молдокасымов, КР Эмгек сиңирген мугалими Г. Мадаминов жана башка бир катар тарыхчылар, окумуштуулар, мугалимдер, коомдук ишмерлер катышты.



Алгач, мындан бир кылым мурда жазылган Мухаммад Амин Бугронун «Чыгыш Түркстан тарыхы» китебинде жазылган жалпы тарых, түрк элинин тарыхы жана Чыгыш Түркстан тарыхы боюнча талкуу жүрдү. Анда автордун өзүнүн эмгегинде түрк элдеринин келип чыгуу тарыхына басым жасагандыгы, тарыхый изилдөөлөр аркылуу түрктөрдүн пайда болуусун, ошол доордогу географиялык абалын тактап чыккандыгы тууралуу маалыматтар айтылды. Бугро Түрк мамлекеттеринин түптөлүү этаптарын, гүлдөө, кыйроо мезгилдерин иреттүү баяндап, бир нече доорго бөлгөн.


Бул котормо тарыхка кызыккан окурмандарга, тарых адистигиндеги студенттерге, жалпы эле тарых сүйүүчүлөргө арналат.