Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«Чыныгы легендага айланган мамлекеттик ишмер»

16 Окт 2014

2014-жылдын 14-октябырда Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүндө көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин туулгандыгынын 95 жылдыгына арналган «Чыныгы легендага айланган мамлекеттик ишмер» аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.


Кыргыз элининин тарыхы өз эли үчүн кызмат кылган улуу адамдарга, көрүнүктүү ишмер, даанышман инсандарга бай. Ушундай инсандардын бири мамлекеттик жана партиялык ишмер Т.Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда Кочкор районунун Кочкор кыштагында туулган.

Ал 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик мугалимдер институтун бүтүрүп, Кочкор кыштагындагы орто мектепте окуу бөлүм башчысы, Кочкор районунун пропаганда жана агитация бөлүмүндө, кийин Кыргызстан КП БКнын пропаганда жана агитация бөлүмүндө инструктор болуп иштеген.

1945-жылы КПСС БКга караштуу Жогорку партиялык мектепти аяктап келгенден кийин, КПСС БКнын аппаратында жооптуу кызматта, “Советтик Кыргызстан” газетасынын редактору (1955-1956), Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары болуп иштеген.

Алтымышынчы жылдардан баштап Т.Усубалиевдин жетекчилиги менен Кыргызстандын экономикасынын, илими менен маданиятынын бардык тармактарын өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу боюнча зор иштер жүргүзүлгөн. Бишкекте жана башка шаарларда өнөр жай ишканаларында монументалдуу гидро энергетикалык объектилеринде ири курулуш жана монтаждоо уюмдары иштей баштаган, тездетилген темпте үй куруучу комбинаттар, Канттагы цемент-шиферкомбинаты тургузулду. Ошондой эле ал айрыкча республиканын жүзү катары борборубуздун көркөмдөлүп өсүшүнө көңүл бургандыктан, шаарга ылдамдык менен турак үйлөр, бир канча борборлоштурулган жылуулук менен камсыз болгон микрорайондор, ар бир үй-бүлөгө ылайыкталган үч төрт бөмөлүү үйлөр көбөйүп, административдик кооз имараттар, музейлер, эстеликтер, монументалдык скульптуралар, фонтандар, мейманканалар, базар комплекстери, “Манас” аэропорту, Кожомкул атындагы спорт сарайы, жер алдындагы өткөөлдөр жана башка көптөгөн объектилер бүткөрүлгөн.

Ошондой эле Т.Усубалиев көп күч-кубатын легендарлуу Манастын тарыхый баатырдык баяндарын изилдөөгө жумшаган. 1978-1982-жылдары анын аракети менен Сагымбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин варианттары боюнча китептери басылып чыгарылган. Бишкек шаарында эпоско арналган скульптуралык композиция, белгилүү манасчылардын эстеликтери, Манас күмбөзү калыбына келтирилген, эл аралык класстагы аэропортко “Манас” деген ат берилген.

Ал көп улуттук Совет элинин достугуна, партиянын жүргүзгөн саясатына, Кыргызстан экономикасы менен маданиятынын жогорулашына арналган бир нече көлөмдүү эмгектин автору.
Т.Усубалиевдин Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө эмгеги жогору бааланып, союз учурунда төрт Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу жана бир нече медалдар менен сыйланган. Ал эми Кыргыстан эгемендүүлүк алгандан кийин биринчи даражадагы