Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Cыдык Карачев

02 Июл 2015

2015-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн залында Сыдык Карачевдин 115 жылдыгына арналган  “Таланттуу акын, прозаик, драматург жана котормочу” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.

Жазуучу, журналист, кыргыз профессионал адабиятын баштагандардын бири С.Карачев Түп районунун Жылуу-Булак айылында (1890-1937) туулган. Алгач билимди Караколдогу татар мектебинен алат. 1918-жылы кызыл гвардиячыл отрядка жоокер болуп кирип, Ак-Суу, Лепси, багытындагы ак гвардиячыларга каршы согушка жана 1920-жылы Бухара эмирлигин талкалоого катышкан.  Жаштайынан турмуштун чоң жолуна өз алдынча чыгып, анын жаман-жакшысына эртелеп бышкан С.Карачев 1919-жылдын январынан 1920-жылдын башына чейин Жети-Суу облустук ревкомунун улуттар бөлүмү тарабынан уюштурулган (казак, кыргыз, татар тилинде материалдар жарыяланган) “Комек” гезитинде иштейт. Турмуштун агымы аны Ташкенттеги аскердик окуу жайына алып келет. Окуу жайды бүткөндөн кийин (1921-1923) “Кошчу” союзунун Каракол уезддик аппаратында иштеген.
1924-жылы Туркестанда жашаган элдердин чегарасы ажырап, Кара кыргыз автономиялуу область болуп бөлүнүп, ВКП(б) Орто Азия бюросунун жетекчилиги астында тунгуч газета “Эркин-Тоо” пайда болот. Газетанын жооптуу катчысы болуп С.Карачев дайындалып, гезиттин ар бир нускасынын чыгышына жооптуу болгон. Ал жетектеп турган кезде “Эркин-Тоонун” бир бети жаштар турмушуна арналып, “Тоо жаштары” деген тема менен чыгарылып турган.   Ушул бет 1926-жылы ноябрь айында “Ленинчил жаш”, кийин “Асаба”, кийин “Агым” деген ат менен өзүнчө бөлүнүп чыккандыгын көпчүлүк билбесе керек. Кыргызстандын кайсы жеринде жаңы гезит уюштурулса ошол жакка С.Карачевди жиберип тургандыгы чындыгында эле ал кыргыз журналистикасынын патриархы, анын түптөлүшүнө мээнети сиңген адам экендиги айкын болгон.
Анын чыгармачылыгы 1918-жылы ыр жазуудан башталган. Жыйырманчы жылдардын башталышына чейин “Кедей эрки”, “Ак жол” деген газеталарга, “Шолпан”, “Жас кайрат”, “Аялдар теңдиги” деген журналдарга “Аялдар салтанаты”. “Шаңдан жүрөк”, “Досума”, “Айылдагы курбума”, “Эл сагынуу”, “Күзгү түн”, “Жаштыгымды сагынам” сыяктуу ырлары жарык көргөн. “Эркин-Тоого” арналган көлөмдүү ыры гезиттин экинчи санына жарыяланат.
С.Карачев кыргыз прозасы менен көркөм котормосуна негиз салуучулардын бири катары да белгилүү. 1919-жылы “Сүйгөнүнө кошула албады”, “Үйлөнүүдөн качты” деген повесттери “Күкүк менен Зейнеп”, “Армандуу эки жаш” жана башка аңгемелери газета, журналдарга жарыяланат. 1928-1929-жылдары “Эрки таңында” аңгемеси, “Эрксиз күндөрдө” повести, “Теңдик жолунда”, “Тарага Зейнеп”  пьесалары өзүнчө китеп болуп чыккан. Ошондой эле бир нече классикалык чыгармаларды (А.С.Пушкиндин “Дубровский”, “Бекетчи”, Л.Н.Толстойдун “Шалпаң кулак” ж.б.) которгон, кыргыздын тунгуч котормочуларынын бири болгон.
С.Карачев эл кызматын аркалап жүрүп, ак жеринен караланып, 1937-жылы репрессиянын зомбулугуна туш болуп атылган. 1955-жылы акталган.
Көргөзмөгө анын китептери, котормолору, ага арналган окумуштуулардын китептери, макалалары публицистикалык материалдар коюлду. Окурмандар китеп көргөзмөсү менен таанышышса болот.