Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

ДҮЙШӨНБЕК БАЙДӨБЕТОВ 75 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КИТЕП-СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ

ДҮЙШӨНБЕК БАЙДӨБЕТОВ 75 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КИТЕП-СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ
17 Янв 2024

2024-жылдын 5-январында Кыргыз Республикасынын А. Осмонов атындагы Улуттук китепкананын маданият жана искусство бөлүмүндө  Кыргыз ССРнин эл артисти Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын  лауреаты Дүйшөнбек Байдобетовдун,   75 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү коюлган (1949-2018).

Дүйшөнбек Байдөбетов 1949-жылы 5-январда Ысык-Ата районунда “Уч эмчек” айылында  туулган. 1966-жылы борбор шаарыбыздагы №5 мектепти  окуп бүтүргөн. 1967-жылы Москвадагы театралдык искусство институтуна кабыл алынып ийгиликтүү окуп бүтөт. Студент кезде “Мосфильм” тарабынан тартылган биринчи тасмасы Чынгыз  Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым  чыгармасына тартылган”,  “Мен Тьян- Шань” кинотасмасында Ильястын ролун жеткиликтүү ойногон, Ош кыргыз драма театрында иштеген. Актерлук чеберчилиги  1971-жылы башталган.  Ошол учурдан баштап Дүйшөнбек Байдөбетов абдан көп кинотасмага тартылган. Актер комедияны, мелодраманы, драманы, криминалды, жана детектив, тарыхый рольдорду катыра ойногон. Ал  “Саманчынын жолу” тасмасында Субанкулду, “Айсулуунун талаасы“ тасмасында Сабырдын ролун, “Акбаранын көз жашында” Базарбайдын, “Каныбекте” Түлкүбектин   ролун жеткиликтүү ойногон.

Баарыбызга маалым Дүйшөнбек Байдөбетовдун эмгегин баалап 30 жашында Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти наамын ыйгарышкан. Ал эми 37 жашында Кыргыз ССРнин эл артисти наамына ээ болгон.

1991–жылдан баштап Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында иштеп жаткан учурда да көптөгөн ролдорду жараткан. Театрда ойногон коптогон ролдорунда ар бир ойногон образдарын  ушунчалык бийик деңгээлде жеткиликтүү ойноп, ар бир көрүүчүнүн жүрөгүнөн түнөк тапкан.  Сахналаш, кесиптештери аны абдан кең пейил, адамкерчиликтүү, мүнөзү жумшак, бир кишиге жаман айтпаган, даанышман, эмгекчил бийик адам болгондугун эскерип айтып келишет.

Дүйшөнбек Байдөбетов чыныгы театр, чыныгы кино деп жашап келген. Актердун жаркын элеси ар дайым эсибизде калды жана кала бермек.

2024-жылдын 23-январында, саат 14:00дө, Кыргыз Республикасынын А. Осмонов атындагы Улуттук китепканасында, кыргыз ССРинин эл артисти, Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын ээси киноактер, драмалык актер, Дүйшөнбек Байдөбетовдү эскерүү кечеси өтөт. Иш-чарага катышуучуларды чакырабыз.