Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

ДҮЙШӨНБЕК БАЙДӨБЕТОВ: «МАГА ТЕАТРСЫЗ ЖАШООНУН ТУЗУ КЕМ»

ДҮЙШӨНБЕК БАЙДӨБЕТОВ: «МАГА ТЕАТРСЫЗ ЖАШООНУН ТУЗУ КЕМ»
23 Янв 2024

2024- жылдын 23- январында Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз ССРнин эл артисти, Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын ээси, драмалык актер жана кино актер Байдөбетов Дуйшөнбек Окошевичтин эскеруу кечеси болуп өтту. Кечеге чакырылган коноктор агайдын кубанычын, кайгысын тең бөлушкөн сахналаш кесиптештери, курсташтары, достору болду. Алсак Кыргыз ССРнин эл артисттери Гулайым Каниметова, Жамиля Сыдыкбаева, Шайымбек Кыдырмаев жана Д. Байдөбетовдун жакын туугандары, классташтары, ошондой эле театралдык окуу жайынын студенттери катышты. Кечеде Кыргыз ССРнин эл артисти, Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты Дүйшөнбек Байдөбетовдун театрда кинодо аткарган образдары мазмуну жагынан ар турдуу болгон каармандардын галереясын тузгөнун, Кыргыз драмтеатрынын сахнасында, кинодо зор таланты жана чебердик менен аткарган ролдору, анын адамкечилигинин ушунчалык бийиктигин айтып өтүштү. Дүйшөнбек Байдөбетов чыныгы театр, чыныгы кино деп жашап келген. Актердун жаркын элеси ар дайым эсибизде калды жана кала бермек.