Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

ДҮЙНӨГӨ КУБАНЫЧ ТАРТУУЛА

ДҮЙНӨГӨ КУБАНЫЧ ТАРТУУЛА
28 Май 2024

2024-жылдын 28-майында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын кызматкерлери Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата даярдалган таттуу белектерди Дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак мектебинин башталгыч класстын бүтүрүүчүлөрүнө тартуулады жана «Дүйнөгө кубаныч тартуула» аттуу темада мыкты иш-чарасына катышып келишти.
Көп жылдардан бери Улуттук китепкана Дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак мектеби менен алака түзүп, биргелешип көп иш-чараларды чогу өткөрүп, жардам берип, демөөрчүлүк кылып келет.
Мектептин директору Каныкей Жүзүмалиевна Жаманбаева, башталгыч класстар ыгын окуу бөлүмүнүн башчысы Турусбаева Рыскан Кемеловна, 4-класстардын класс жетекчилери Опошева Лариса Шейшенкуловна, Алик кызы Жазгул, Медербекова Гүлзар Медербековна жана башка мыкты мугалимдер тарабынан уюштурган иш-чара бийик деӊгээлде өттү.
Азыркы кезде Дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак мектебинде 318 окуучу жатып билим алат.
Сүйүнүчтүү 90 жылдык маараке Сиздерди жаңы бийиктиктерге шыктандырып, эмгегиңиздерден сый-урмат көрүп, мыкты-мыкты ийгиликтерге жетише бериңиздер. Сиздерге бекем ден-соолук, жарык маанай, мындан ары иштериңиздерде орчундуу ийгиликтерди, зор кубанычтарды, ошондой эле татыктуу келечек ээлерин даярдап өстүрө берүүңүздөрдү каалайбыз!