Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

ДҮЛӨЙ БАЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ ЖАТАК МЕКТЕБИНЕ 90 ЖЫЛ

ДҮЛӨЙ БАЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ ЖАТАК МЕКТЕБИНЕ 90 ЖЫЛ
29 Апр 2024
Алыкул Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын директору Нуржан Ракимовна Иманкулова Дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак мектебинин 90 жылдык мааракеси менен куттуктап, мектеп китепканасына китептерди жана майрамга карата таттууларды балдарга белекке берди. Бул майрам балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунда өттү. Көп жылдардан бери биздин Улуттук китепкана Дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак мектеби менен алака түзүп, биргелешип көп иш-чараларды чогу өткөрүп, колубуздан келген жардамыбызды берип, демөөрчүлүк кылып келебиз.
90 жылдык бүтүндөй өмүр өтөлгөсү, баскан жолу толугу менен кыргыз калкынын келечек муунун тарбиялоо, алардын терең билим алуусуна арналып келе жатат десек эч жаңылышбайбыз. Бул жылдары Дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак мектебинде канчалаган окуучулар жатып билим алышты. Мугалимдердин эң мыкты кесипкөй ишмердүүлүктөрдүн ачык далили, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга эӊ жакшы билим берип, таланттуу балдарды тарбиялап келишет. Жалпы жамааттын зор эмгеги – ар бирибизди өзгөчө кубантат. Азыркы кезде Дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак мектебинде 318 окуучу жатып билим алат. Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын жамаатынын жана жетекчиликтин атынан 90 жылдык мааракеӊер менен чын дилибизден куттуктайбыз! Сиздерди жаңы бийиктиктерге шыктандырып, эмгегиңиздерден сый-урмат көрүп, мыкты-мыкты ийгиликтерге жетише бериңиздер! Сиздерге бекем ден-соолук, жарык маанай, мындан ары иштериңиздерде орчундуу ийгиликтерди, зор кубанычтарды, ошондой эле татыктуу келечек ээлерин даярдап өстүрө берүүңүздөрдү каалайбыз!
Статистика и объявления
Продвигать публикацию
ДҮЛӨЙ БАЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ ЖАТАК МЕКТЕБИНЕ 90 ЖЫЛ
Все реакции:

11