Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Д. Жамансартованын 80 жылдыгына карата “Д. Жамансартова акын, журналист”аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.

14 Авг 2019

2019 жылдын 14-августунда Кыргыз Республикасынын А. Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын “Кыргыз-Түрк маданий борборунда” Дүйшөбүбү Жамансартованын туулган күнүнүн 80 жылдыгына карата арналган “Д. Жамансартова акын, журналист”аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.

Дүйшөбүбү Жамансартова 1939-жылы 14-августта Чүй областынын Кант районунун Жер-Казар айылында туулган.

1958-жылы “Кыргызфильм” киностудиясынын алдындагы режиссердук курста окуган.

1965-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлумүн бүтүргөн.

Эмгек жолун 1958-жылы “Октябрьдын 40 жылдыгы” тигүү фабрикасында иштөө менен баштап,
1965-1986-жж. “Кыргызстан пионери” гезитинин редакциясында адабий кызматкер, кабарчы адабият жана искусство бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип, 1996-жылы пенсияга чыккан.

2001-жылдан Кыргызпатент тарабынан жыл сайын чыгарылуучу “Саамалык” аттуу жаш акындардын адабий альманахынын адабий кеңешчиси, бүгүнкү күндө УТРКада радио боюнча кызматкер.
Д.Жамансартова мектепте жүргөн кезинде эле ыр жаза баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы “Кыздар” деген ат менен 1969-жылы чыккан. Ал 1984-жылы “Соттолуучу иш”пьесасын жазып аны Кемин элдик театры койгон. Акындын 50 дөн ашык ырларына композиторлор жана обончулар музыка жазышкан.

1995-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” деген наам ыйгарылган.
1970-жылдан СССР Журналистер союзунун, 1984-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
1983-жылы Кыргыз Республикасынын Элге билим берүү министирлигинин Ардак грамотасы, “ Эмгек ветераны” медалы менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ
Кыргыз тилинде Кыздар: Ырлар-Ф.: Мектеп, 1969-28 б.
Күндүн желеси: Ырлар-Ф.: Кыргызстан, 1975. -56 б.
Тымызгы: Ырлар- Ф.: Мектеп, 1980-44 б.
Тоо ыры: Ырлар-Ф.: Кыргызстан, 1983-108 б.
Өрүлүк: Ырлар-Б.: Адабият, 1991-120 б.
Айдай: Ырлар-Б.: Шам 1996-220 б.
Жылдыздуу сапар: Ырлар-Б.: 2001

Орус тилинде
История одного двора: Мемуары о деятелях культуры Кыргызской Республики.-Б.: Ростра., 2001-100с.
Пьесалары: Соттолуучу иш.- Кемин элдик театры
Жылкычынын желеси.-Жумгал элдик театры

Китеп көргөзмөгө төмөнкү китептер коюлду: “К.Р. жазуучулары”, “Айдай”, “Жизнь одного двора”.

Адрес: Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 208 Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана тел:. 30-46-83