2025-жылдын 27-29-апрелинде Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Бишкек шаардык мэриясы жана “Дельфи” коому тарабынан уюштурулган “Дельфи Бишкек” аталышындагы жаш таланттардын үчүнчү Эл аралык сынагы болуп өттү.
Сынакта жаш өспүрүмдөр ар кыл багытта: кол өнөрчүлүк, сүрөт тартуу чеберчилиги, көркөм окуу ж.б. боюнча ат салышышты.
Бул сынакка Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын аймактарынан өнөрлүү балдар келишкен. Дельфи оюндарынын максаты жаш таланттарды шыктандыруу, алардын өнөрлөрүн өркүндөтүү, келечегине жол ачуу болуп саналат. Бул сынакка 7 жаштан 25 жашка чейинки улан-кыздар катышып, жалпысынан 600 дөн ашуун жаш таланттар өз өнөрлөрүн сынап көрүштү. Сынактын жыйынтыгында ар кыл номинация боюнча алдынкы орунду ээлеген катышуучулар медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.
![]()
![]()
![]()