2024-жылдын 10-июлда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын юридикалык адабият бөлүмү, Чүй кайрыктары адабий уюму менен биргеликте Динара Асанованын калемине тийешелүү «Ак-шоола, Баалайлычы бактымды жашоодогу» аттуу ырлар жыйнагынын бет ачары болуп өттү.
Иш-чарага, Кыргыз Республикасынын эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, котормочу, публицист Маркабай Ааматов, Кыргыз Республикасынын маданияттын мыкты кызматкери, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, обончу- копмозитор, Маматсабыр Туташбаев, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун жана Чүй кайрыктар адабий уюмунун мүчөлөрү, акындар Өктөм Мамаева, Жыргалбек Шералиев жана башка уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.
Иш-чаранын катышуучулары Динара Асанованын ырларына кенен токтолуп, Мекенге болгон арзуу, эне тилге, ата-эне мээрими, жаратылыш кереметтери тууралуу ыр саптарын окуп жалпысынан чыгармачылык ийгиликтерди каалап, обондуу ырлар менен жыйынтыкталды.