Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Доорго жЇрйгЇн берген Дооронбек Садырбаев

16 Фев 2018
2018-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын коференц-залында Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл артисти, белгилүү кинорежиссер Дооронбек Садырбаевдин өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган:
“…Баш урдум, тагдырлыгың танган жокмун,
Майыштым, бирок сынып калган жокмун…” деген аталыштагы китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, “Даанышман” деген 5 томдук чыгармалар жыйнагынын бет ачары жана эскерүү кечеси болуп өттү.
Иш-чарага КР Өкмөтүнүн өкүлдөрү, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, маданияттын жана искусствонун ишмерлери, достору жана туугандары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана ЖОЖдордун студенттери катышышты.
Автордун урматына, арбагына таазим этип, Д.Садырбаевдин өмүр жолуна арналган 15 минуталык фильм көрсөтүлдү.
Улуттук китепкана директору Ж.Бакашова биз минтип чогулуп, эскерип жаткан кыргыз көркөм дөөлөт өнөрүнүн башында тургандардын бири, радио, телевидениенин ардактуу ишмери, көрүнүктүү кинорежиссер, публицист, акын, белгилүү саясатчы, коомдук ишмер, Кыргыз эл артисти, Кыргыз Республикасынын Баатыры Дооронбек Садырбаевдин ошондой таасын тагдырга эң татыктуу таланттардын бири экенине бүгүн дагы бир жолу баарыбыз күбө болуп отурабыз. Чынчыл, дүйнө таанымы өтө кенен, жан дүйнөсү таза, ак караны танбай ажыраткан Дооронбек Садырбаев кары-жашы дебей баарына бирдей мамиле жасачу. Ал бул сапаты менен айырмаланып да турчу. Ошондуктан да кыргыз эли аны жөн эле Доке деп айтышчу. Азыр Доке деп эскерип жүрүшкөн анын замандаштары, жакындары, окуучулары, бирге жүргөн санаалаштары аны аябай акыйкат эле дешет. Ал искусство адамы катары эмес, кыргыздын уулу катары өтө мекенчил болгондугун айтып өттү.
Кыргыз Республикасынын Вице Премьер-министри Ч.Султанбекова сөз сүйлөп, Дооронбек Садырбаевдин кыргыз эли үчүн жасаган эмгектерин айтып, трибунадан каргылданган үнү менен бир топ маселелерди акыйкат көтөрүп чыгып, эл үчүн бир топ эмгек жасагандыгын, эң тайманбас, эң калыс депутаты катары эл оозуна алынып, атак даңкка ээ болду деди. Жогорку Кеңештин депутаты К.Иманалиев ал башка депутаттар менен биргелешип ондогон мыйзам долбоорлорун жазууга катышып, эки томдуу «Үй бүлө» кодекси, эки томдуу «Граждандык кодекстин» авторлошу болгон. Депутаттардын арасында анын алмаштыргыс орду бар эле, анын бардык жактан тазалыгы бийиктиги болчу деп эскерип өттү.
Ал эми А.Бекназаров, Ф.Кулов, Б.Мамырова,С.Раев, Т. Жаманбаева, Ш.Дүйшеев, Турсунбек Акун, К.Коңкобаевдер сөз сүйлөшүп, алар Д. Садырбаевдин кыргыз маданиятына, кыргыз саясатына кошкон салымдарын айтып, анын бардык жактан тазалыгына, адамгерчилигинин бийиктигине, элдин эсинде кадырлуу депутат катары калганын эскеришти. Обончу А.Сардарбеков Д.Садырбаевдин “Жалгыздын жары кудайым” аттуу обондуу ырын аткарып берди. Ал эми жаш акын Бердибек Жамгырчиев “Генийлер бойдон калышат” аттуу Д.Садырбаевге арналган ырынан көркөм чеберчиликте окуп берди.
Кеңешчиси, жардамчысы, өмүрлүк жубайы Сонунбүбү апа элүү үч жыл бирге өмүр сүрүп, мыкты жар, камкор ата катары жакшы мамиледе жашадык. Ал кандай кыйынчылык болбосун тике карап, ак иштеп, ак сүйлөп, калыстыгынан жазбай, бирдей болуп, барга көппөй, жокко чөкпөй адамдык сапатынан ажырабай өмүр бою таза жашады. Ийгиликтерине пешене тер, эмгеги менен жетип, агарып, көгөрдү. Биз үй-бүлөбүз, балдарыбыз менен ынтымактуу жашадык. Ооруп жатканда да колунан калемин түшүрбөй, түнкү уйкусуна карабай чыгармачылыгынан кол үзбөгөнүн айтып, жаштарды эмгекчил болууга үндөдү.
Беш томдук “Даанышман” Д.Садырбаев атындагы кайрымдуулук фондунун жардамы менен чыгарылган. Анда Алыкул Осмонов жөнүндө романы сыяктуу белгилүү чыгармалары, аңгемелери, макалалары, публикациялары, мурда жарыяланбаган макалаларынын, ырларынын кол жазмалары да чогултулган.Бул чыгармалар жыйнагына Д. Садырбаевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары коомдук ишмердиги жөнүндө макалалар да киргизилген.
Д. Садырбаев таланттуу кинорежиссер, 80ге жакын хроника-документалдуу фильмдерди, 16 көркөм фильмди тарткан. Ал кыргыз жана орус тилдериндеги 20дан ашык китептердин жана 800дөй публицистикалык макалалардын автору. Анын «Удержись в седле», «Арман», «Деревенская мозаика» тасмалары телефильмдердин эл аралык жана бүткүл союздук, фестивалдарында сыйлыктарга татыктуу болгон, ошондой эле Д. Садырбаев алты сериялуу «Кайран эл» фильмин тарткан. Д.Садырбаев жараткан «Учитель русского языка», «Земля отцов», «Чуйская долина» деген хроника-документалдуу фильмдер бүгүнкү күндө да өздөрүнүн баалуулугун жоготкон жок.
Кыргыз улуту барда, кыргыз маданияты барда Дооронбек Садырбаевдин экинчи өмүрү жашап, дагы канчалаган муундарды өзү жараткан чыгармалар менен тарбиялап келе берет деген ишеничтебиз. Иш-чара катышуучулар тарабынан жылуу кабыл алынып, өз максатына жетти.