Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«Достукту даңазалаган кыргыздар»

«Достукту даңазалаган кыргыздар»
10 Апр 2025

Бүгүн, 10-апрелде, Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Этностан» маданий борбору жана «Этно кыргыз» бирикмесинин демилгеси менен кыргыз элинин достук жана ынтымак баалуулуктарын жайылтуу, эл аралык маданий байланыштарды арттырууга салым кошуу, тарыхый мурасты сактоо жана даңазалоо максатында «Достукту даңазалаган кыргыздар» деген аталышта чоң иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Кыргызстан Эл Ассамблеясынын, КР Жазуучулар союзунун өкүлдөрү, ошондой эле маданият ишмерлери, этникалык жамааттардын өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Достук жана биримдикке багыттаган бул иш-чаранын жүрүшүндө алгач мургабдык акын Өскөнбай Бердибаевге таандык «Достуктун ордосу болгон алтын өрөөн» китебинин бет ачары болду. Бул бөлүктө «Алтын өрөөн» видеоролиги көрсөтүлүп, автор өзүнүн китеби тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле келген коноктор аталган иш-чара жана жаңыдан жарык көргөн китеп тууралуу пикирлерин айтышты.

Андан соң күү чертилип, манасчылар «Манас» айтып, акындар ырдап, этно-көргөзмөгө кезек берилди. Бул этно-көргөзмөдө Мургаб кыргыздарынын маданий көргөзмөсү менен катар сүрөт көргөзмө, каада-салттарга байланыштуу атайын даярдалган көрүнүштөр көрсөтүлдү.

Иш-чара достук дасторконунан (фуршет) даам татуу, сүрөткө түшүү, пикир алмашуу менен жыйынтыкталды.