Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Драматургия чебери

15 Авг 2017
2017-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын фойесинде кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү драматург Токтоболот Абдумомуновдун 95 жылдыгына арналган “Драматургия чебери” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Белгилүү драматург, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, коомдук ишмер Т.Абдумомунов 1922-жылы 15-августта Кемин районундагы Жаңы-Алыш (Атаке) айылында туулган.
1938-жылы Бишкектеги медициналык техникумду бүтүп, ошол эле жылы фельдшердик пункттун башчысы болуп иштеп эмгек жолун баштаган. 1941-жылы Кыргызстан мамлекеттик басмасында корректор, редактор, котормочу болуп иштеп, 1942-1959-жылдары радиокомитетте редактор, Ош областтык “Ленин жолу” газетасында кабарчы, Москвадагы “СССР Жогорку Кеңешинин Ведомстволорунда” котормочу, “Советтик Кыргызстан” журналында бөлүм башчы, Кыргызстан жазуучулар Союзунун башкармалыгынын биринчи катчысы (1959-1971), Кыргыз театр коомунун Президиумунун төрагасы (1974-1984), жана Кыргыз ССРи боюнча комиссиянын төрагасы, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу боюнча комитетинин мүчөсү, Азия, Африка жана Латын Америка өлкөлөрүнүн тилектештигинин башкармалыгынын мүчөсү болуп үзүрлүү иштеген.
Жазуучу чыгармачылыгы согуштан кийин очерк, аңгеме, сын-макалаларды, бир актылуу пьеса жазуудан башталып, 1947-жылы Кыргыз драмтеатрынын сахнасында “Кумдуу чап” пьесасы коюлуп, кийин учурдагы турмуш чындыгынан алынып жазылган “Замандаштар” (1948), “Курман” (1950) аттуу пьесаларын жазган.
Драматургдун 1950-жылдары жазылган “Борбаш”, “Атабектин кызы”, “Тар капчыгай”, “Ашырбай” аттуу пьесалары автордун орус жана дүйнөлүк драматургия өнөрүнүн жетишкендиктерин айкындап, турмушту көркөм чагылдырып, улуттук салттарды өнүктүрүп, жаңы форма, ыкмаларды издеген.
Анын 1960-жылдары жазылган “Абийир кечирбейт”, “Каркыралар кайтканда”, “Сүйүү жанат”, “Кадырлаштар”, “Машырбек үйлөнөт”, “Ыйык таштар”, “Бюро жүрүп жатат”, “Жыгылган оогонго күлөт” сыяктуу драмаларынын тематикалык багыттары ар түрдүү. Жанрлык, композициялык, стилдик изденүүлөргө өтө бай.
Согуштун баатыры Чолпонбай тууралуу жазылган “Чолпонбай” драмасы, элдик оозеки чыгарманын негизинде жазылган “Карагул ботом”, “Алдар Көсөө”, вьетнам элинин күрөшүнө арналган “Биз анын балдарыбыз” драмасы да драматургдун калемине таандык.
Чыгармачылык иши жогору бааланып үч ирет Эмгек Кызыл Туу жана “Эл достугу” ордендери, медалдар, Ардак грамоталар менен сыйланган. Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык жана “Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер” деген наам ыйгарылган.
Ал 1989-жылы дүйнөдөн кайткан. Ысымы академиялык драм театрга, көчөлөргө ыйгарылып, анын атындагы эл аралык сыйлык уюштурулган.
Көргөзмөгө Т.Абдумомуновдун китептери, журналдык жана газеталык макалалар, фотодокументтер жайгаштырылды.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208.
Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана Тел.:30-50-57, 30-47-04