2025-жылдын 12-ноябрында А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Ч. Айтматов залында Ат-Башы жергесинен чыккан белгилүү өнөр ээлери, кыргыз маданиятынын чыныгы сыймыгы болгон Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартованын элесине арналган “Тоо койнундагы эки залкар” аттуу китептин бет ачары болду.

Бул маанилүү иш-чара Ат-Башынын таланттуу “кош жылдызынын” чыгармачылык мурасын эскерүүгө, улуттук өнөрдүн даңазасын көтөрүүгө жана жаш муундардын руханий баалуулуктарга болгон урматын арттырууга багытталган.






Бет ачарга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары, тарыхчы-изилдөөчү Аман Турдакунов, Кубат Асан уулу, Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартованын атындагы коомдук фонддун директору Болот Андабеков жана эки таланттын балдары, неберелери катышты.
Залкарлардын чыгармачылыгына арналган видеотасма көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин орун басары Марат Тагаев Ат-Башынын таланттуу “кош жылдызы” болгон эки залкардын кыргыз маданиятындагы орду өзгөчө экенин белгилеп өттү. Ошондой эле китептин автору Бакыт Нышан “Тоо койнундагы эки залкар” чыгармасынын жаралуу тарыхы тууралуу баяндап, бул китеп Ат-Башынын сыймыгы болгон кош жылдыздар тууралуу элдин эсинде кала турган баалуу эмгек экенин айтуу менен Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуровго китебин тапшырды. Иш-чаранын жүрүшүндө белгилүү инсандар сөз сүйлөп, залкарлардын өмүр жолу жана чыгармачылык мурасы тууралуу ой-пикирлерин билдиришти.
Улуттук китепкананын маалымат-массалык иштер жана маданий программалар бөлүмү тарабынан «Элдик мурасты даңазалаган түгөйлөр – Андабеков жана Карасартова» деген темада китеп көргөзмө да коюлду.

