Бүгүн, 15-майда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Кыргыз Республикасынын эл акыны, III даражадагы «Манас» орденинин ээси, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракесине арналган иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданият ишмерлери, ошондой эле акындын замандаштары, балдары, туугандары катышты.
Алгач Маданият маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевге сөз берилип, ал акындын өмүр жолу биз үчүн чоң сыймык жана келечек муундар үчүн өрнөк экендигин, жаштайынан колуна курал кармап, ошону менен катар калемин дагы таштабай кыргыз поэзиясына өчпөс из калтырган Сооронбай Жусуевдин кыргыз адабиятына кошкон салымын белгиледи.
Ошондой эле иш-чарага чакырылгандардан коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов, ЖК депутаты Чолпон Султанбекова, акын Кожогелди Култегин сөз сүйлөп, акындын согуш жылдарындагы жана андан кийинки чыгармачылыгына, бир сап менен көп ойду туюнткан чеберчилигине, Ата Мекенди сүйүүгө, тынчтыкты баалоого үндөгөн тарбиялык маанидеги ырларды жараткан акын экендигине токтолушту.
Иш-чаранын кийинки бөлүгүндө акындын өмүр баянын, чыгармачылыгын баяндаган китеп жана сүрөт көргөзмөсүнүн бет ачары болду.
Бул көргөзмөгө акындын согуш жылдарындагы жана андан кийинки сүрөттөрү, ошондой эле жарык көргөн китептери, ал жөнүндө басма сөз беттеринде жарыяланган макалалар, кол жазмалары, сыйлыктары коюлду.
Белгилей кетсек, Сооронбай Жусуев 18 жашында фронтто согуш темасында ырларды жараткан. Акындын 30дан ашуун китеби жарык көрүп, алардын 14ү орус тилине которулган. Ошондой эле Шекспир, Пушкин, Лермонтов, Есенин, Маяковский, Омор Хаям, Абай жана башка акын-жазуучулардын чыгармаларын кыргызчага которгон.
Сооронбай Жусуевдин 70тен ашык ырларына Рысбай Абдыкадыров, Исрадин Аманбаев, Асылбек Өзүбеков ж.б. обончулар обон чыгарып, ал ырлары эл арасында ырдалып жүрөт.