Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Эл аралык “XVI КИТЕП FEST – 2025” китеп фестивалы / Международный книжный фестиваль «XVI КНИГА FEST – 2025»

Эл аралык “XVI КИТЕП FEST – 2025” китеп фестивалы / Международный книжный фестиваль «XVI КНИГА FEST – 2025»
21 Апр 2025

Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата жана ошондой эле улуттук китеп басып чыгаруунун жетишкендиктерин кеңири жайылтуу жана китеп окуу маданиятын арттыруу максатында жыл сайын өтүүчү 2025-жылдын 23-апрелинде саат 10:00дөн баштап кечки саат 19:00гө чейин Бишкек шаарындагы “Курманжан Датка” эстелигинин жанындагы аянтта Эл аралык “XVI КИТЕП FEST – 2025” китеп фестивалы болот.

“XVI КИТЕП FEST – 2025” алгач Эркиндик гүлбагындагы кыргыз элине салым кошкон улуу инсандарга гүлчамбар коюу менен башталып, Курманжан Датка эстелигинин алдында расмий бөлүк менен ачылат. Ошондой эле “Учурдагы кыргыз китептеринин жана автордук укуктарынын маселелери” конференциясы, Улуу Жеңишке 80 жыл көргөзмөсү, алгачкы китеп “АЛИППЕ – 1924-2025” көргөзмөсү, Жазуучулар союзунда котормо таануу боюнча Россия Федерациясынын Жазуучулар союзунан келген акын-жазуучулардан мастер класстар, Улуттук жазуучулар союзуна экскурсия менен коштолот. Ал эми А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада “Китеп барактарынын обону” жандуу концерти жана кызыктуу көргөзмөлөр уюштурулат. Ушуну менен катар Ала-Тоо кинотеатрында акысыз кино көрсөтүү уюштурулду.

Китеп фестивалы республика боюнча жер-жерлерде жайгашкан 1000 ашуун китепканаларда белгиленет. Китеп фестивалы алкагында өлкөнүн китепканаларында китеп көргөзмөлөрү, акын жазуучулар менен жолугушуулар, концерттер, конкурстар, театр оюндары жана китеп окуу боюнча кызыктуу оюн-зооктор өткөрүлөт. Ошондой эле республика боюнча жаштардын технология, инженерия, көркөм өнөр жана математика илимдерине болгон кызыгуусун жогорулатуу максатында STEAM кербени күтүлөт. Фестивалда бардык окурмандар китептерди басма баасында жеңилдетүү сатып ала алышат.
Китеп жумалыгынын негизги максаты – Кыргызстанда, өзгөчө балдар жана жаштардын арасында окуу маданиятын көтөрүү, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын даңазалоо, авторлордун, басма үйлөрүнүн, китепканачылардын, мугалимдердин жана башкалардын акын-жазуучулардын, жаш жазуучуларды өлкөбүздүн коомдук жана маданий өнүгүүсүнө кошкон чоң салымын белгилөө.

Ушуну менен катар Ала-Тоо аянтында боло турчу Эл аралык “XVI КИТЕП FEST – 2025” китеп фестивалына бардык окурмандарыбызды чакырабыз!

ЭЛ АРАЛЫК “XVI КИТЕП FEST – 2025”
ПРОГРАММАСЫ
1. 10:00-19:00 – Эл аралык XVI КИТЕП FEST – 2025 (Ала-Тоо аянты)
2. 10:00-19:00 – Улуу Жеңишке 80 жыл көргөзмө (Ала-Тоо кинотеатры)
3. 10:00-19:00 – “АЛИППЕ – 1924-2025” көргөзмөсү
4. 10:00-10:30 – Гүлчамбар коюу аземи (Эркиндик сейил багы)
5. 11:00-11:30 – Расмий бөлүк (Ала-Тоо аянты, Курманжан Датка эстелиги)
6. 11:30-12:30 – Концерттик программа (Ала-Тоо аянты)
7. 15:00-16:30 – Конференция: “Учурдагы кыргыз китептеринин жана автордук укуктарынын маселелери” (Кыргызпатент)
8. 15:00-18:00 – Мастер-класс котормо таануу РФ (Жазуучулар союзу)
9. 16:00-17:00 – Улуттук жазуучулар союзуна экскурсия
10. 16:30-18:00 – Концерт “Китеп барактарынын обону” (А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана)
11. 11:00-17:00 – Акысыз кино көрсөтүү (Ала-Тоо кинотеатры)

Байланыш үчүн: +996 990 577 999

*******

  1. Международный книжный фестиваль «XVI КНИГА FEST – 2025»

В честь 80-летия Великой Победы, а также в целях широкого распространения достижений национального книгоиздания и повышения культуры чтения ежегодно 23 апреля 2025 года с 10:00 до 19:00 на площади у памятника «Курманжан датка» в Бишкеке будет проводиться Международный книжный фестиваль «XVI КНИГА FEST – 2025».

«XVI КНИЖНЫЙ ФЕСТИВАЛЬ – 2025» начнется с церемонии возложения венков в бульвар Эркиндик в честь выдающихся личностей, внесших вклад в развитие кыргызского народа, и откроется торжественной частью перед памятником Курманжан Датке. Также пройдут конференция «Актуальные вопросы кыргызской книги и авторского права», выставки, посвященная 80-летию Великой Победы, выставка первой книги «АЛИППЕ– 1924-2025», мастер-классы по переводоведению в Союзе писателей от поэтов и писателей Союза писателей Российской Федерации, экскурсия в Союз писателей. А в Национальной библиотеке им. А. Осмонова будет организован живой концерт «Звуки книжных страниц» и интересные выставки книг. Кроме того, в кинотеатре «Ала-Тоо» был организован бесплатный кинопоказ.

Книжный праздник будут отмечать более чем в 1000 библиотеках республики. В рамках книжного фестиваля в библиотеках по всей стране пройдут книжные выставки, встречи с поэтами и писателями, концерты, конкурсы, театральные постановки и интересные читательские мероприятия. Ожидается, что караван STEAM пройдет по всей стране, чтобы повысить интерес молодежи к технологиям, инженерии, искусству и математике. А также на фестивале все читатели смогут приобрести книги по сниженным ценам себестоимости книг.

Основная цель фестиваля — популяризация культуры чтения в Кыргызстане, особенно среди детей и молодежи, и празднование 80-летия Великой Победы, а также чествование большого вклада авторов, издательств, библиотекарей, учителей и других поэтов, писателей и молодых писателей в социальное и культурное развитие нашей страны.
Вместе с тем, приглашаем всех наших читателей на Международный книжный фестиваль «XVI КНИГА FEST – 2025», который пройдет на площади Ала-Тоо!

МЕЖДУНАРОДНЫЙ КНИЖНЫЙ ФЕСТИВАЛЬ «XVI КНИГА FEST – 2025»
ПРОГРАММА

1. 10:00-19:00 – Международный книжный фестиваль «XVI КНИГА FEST – 2025» (площадь Ала-Тоо)
2. 10:00-19:00 – Выставка, посвященная 80-летию Великой Победы (Кинотеатр Ала-Тоо)
3. 10:00-19:00 – Выставка «АЛИППЕ – 1924-2025»
4. 10:00-10:30 – Церемония возложения венков (Бульвар Эркиндик)
5. 11:00-11:30 – Официальная часть (площадь Ала-Тоо, памятник Курманжан Датке)
6. 11:30-12:30 – Концертная программа (площадь Ала-Тоо)
7. 15:00-16:30 – Конференция: «Актуальные вопросы кыргызской книги и авторского права» (Кыргызпатент)
8. 15:00-18:00 – Мастер-класс по переводоведению Российской Федерации (Союз писателей)
9. 16:00-17:00 – Экскурсия в Национальный союз писателей
10. 16:30-18:00 – Концерт «Звуки книжных страниц» (Национальная библиотека им. А. Осмонова)
11. 11:00-17:00 – Бесплатный кинопоказ (Кинотеатр Ала-Тоо)

Контакты: : +996 990 577 999