Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Эл деген кары-жашка кенеш берет, эл деген океандай элес берет”

20 Ноя 2017
2017-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасында көрүнүктүү акын, котормочу Ташмат Арыковдун чыгармачылыгына арналган
“Эл деген кары-жашка кеңеш берет,
Эл деген океандай элес берет”

аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана “Сүйүүдөн кумар тарабайт” аттуу китебинин бет ачар аземи өткөрүлдү.
Көргөзмөгө кыргыз эл жазуучулары КР акындары Т.Мамеев, Г.Момунова, Т.Самудинов, Н.Алымбеков, А.Жакшылыков, кыргыз эл жазуучусу М.Абакиров, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Т.Орокчиев, Г.Молдоева, акындын жубайы Ж.Жанаева, коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлери, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, Т.Арыковдун туугандары, жердештери катышышты.
Китеп-сүрөт көргөзмөсүн жана эскерүү кечесин Улуттук китепкана директорунун илим боюнча орун басары Р. Буларкиев кириш сөз менен ачты. Ал төмөнкүлөргө токтолду.
Бүгүн поэзия айдыңында жан дүйнөсү сүңгүп, ошол убакта ал өзүнүн элпектиги, ишке тыкандыгы, сөзгө, убадага бекемдиги, улууну улуудай, кичүүнү кичүүдөй сыйлоого далалаттанган сезимталдыгы менен гана эмес, анын келечегинен үмүттөндүргөн таланты суктандырчу. Өз алдынчалыкка умтулуусу, оюнун ачыктыгы менен кыргыз поэзиясында өз орду бар акын экени белгилүү. Акын Ташмат Арыков көрүнбөгөн канаты бардай өзүнчө учуп-күйүп жүрчү эл жашоодо кандай болсо, чыгармачылыкта дагы ошондой жалындап, жасалмасы жок жакшы ырларды жазып өттү.
Т.Мамеев, Г.Момунова, М.Абакиров, Н.Алымбеков, А.Жакшылыков, Т.Орокчиев, Г.Молдоева ж.б сөз сүйлөшүп, анын чыгармачылыгы, басып өткөн жолу жөнүндө олтурган студенттерге кеңири маалымат беришти.
“Ташмат Арыков жаш акындарга кучагын жайып, акындык адамгерчилиги бийик мен кастарлаган акындардын бири”- деп эскерди Н.Алымбеков. Т.Мамеев, Т.Самудинов, М.Абакировдор акындын адамдыгын көргөн курбалдаштарданбыз, биз Ташмат менен бирге чогуу окуганыбыз үчүн сыймыктанабыз. Кандай болгон күндө да Ташмат Арыков кыргыз поэзиясына аздыр-көптүр өз салымын кошту. Курдаштары акын Т.Арыковго арналган ырларын көркөм окуп беришти.
Анын ырлары республикабыздын басмасөз беттеринде жарыяланган.
Ал котормочулук менен да алектенип, Гомердин, Рудакинин, Саадинин, Жаминин, Шафинин, Есениндин, Хикметтин, Гамзатовдун, Каримдин, Кугультиновдун айрым ырларын кыргыз тилине которгон.
Т.Арыковдун бир топ ырларына обон чыгарылган. Азыр да кыргыз телерадио берүүлөрүнөн анын ырлары ырдалып жатат. Москва районундагы Кош-Дөбө айылындагы Т.Арыков атындагы орто мектептин окуучулары акындын ырларынан көркөм чеберчиликте айтып беришти. Аталган орто мектептин мугалими М.Давлеткулова акындын “Сездиң бекен” аттуу обондуу ырын аткарып берди.
1970-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
«Кыргызстан» басмасында көп жылдар бою эмгектенгендиги жана көркөм адабиятты жайылтуу бюросунда көрсөткөн алгылыктуу иштери үчүн Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен эки жолу сыйланган.
Т.Арыков жөнүндөгү маалыматтар, китептер, газета-журналдар, ал жөнүндө жазылган ар түрдүү экспозициялар көргөзмөдө орун алган.
Иш чара катышуучулар тарабынан кызуу колдоого алынып, өз максатына жетти.