Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Эл деген кары-жашка кенеш берет, Эл деген океандай элес берет”

10 Ноя 2017
2017-жылдын 10-ноябрында саат 11.00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында көрүнүктүү акын, котормочу Ташмат Арыковдун чыгармачылыгына арналган “Эл деген кары-жашка кеңеш берет, Эл деген океандай элес берет” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана «Сүйүүдөн кумар тарабайт» аттуу китебинин бет ачар аземи өткөрүлөт.
Акын Ташмат Арыков Москва районундагы Кош-Дөбө айылында туулган. Жети жылдык мектепти бүтүргөндөн кийин 1953-жылы Бишкектеги айыл чарба техникумунун зоотехникалык бөлүмүнө кирет. Аны 1957-жылы ийгиликтүү аяктаган соң ошол эле жылы Москва райондук «Эмгек даңкы» гезитине адабий кызматкер болуп орношот. Анын «Ак буудай» деген биринчи ыры өзү иштеген гезитте жарык көргөн.
Т.Арыков 1963-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн соң, «Кыргызстан» басмасында кенже редакторлук милдетти аткарат. 1965-1980-жж. «Кыргызстан» басмасынын редактору, республикалык куурчак театрында адабият бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. 1984-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун көркөм адабиятты жайылтуу бюросунда чыгармачылык жолугушууларды уюштуруу боюнча кызмат өтөгөн.
Анын ырлары республикабыздын басма сөз беттеринде жарыяланган.
Акындын «Жаштык күндөр» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы 1964-жылы жарык көргөн.
Ал Гомердин, Рудакинин, Саадинин, Жаминин, Шафинин, Есениндин, Хикметтин, Гамзатовдун, Каримдин, Кугультиновдун айрым ырларын кыргыз тилине которгон.
Т.Арыковдун бир топ ырларына обон чыгарылган.
1970-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
«Кыргызстан» басмасында көп жылдар бою эмгектенгендиги жана көркөм адабиятты жайылтуу бюросунда көрсөткөн алгылыктуу иштери үчүн Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен эки жолу сыйланган.
Көргөзмөнүн ачылышына мамлекеттик, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданияттын, илимдин кызматкерлери, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана студенттер катышышат.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208.
Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасы.
Тел.:30-50-57, 30-47-04