А. Осмонов атындагы КР УК сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн окуу залында 2021-жылдын 28- июлунда куудул Бекназар Арзымат уулунун туулган күнүнүн 140 жылдыгына карата “Эл куудулу Бекназар” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулат.
Бекназар Арзымат уулу 1881 –жылы Кетмен- Төбөдө кедейдин үй-бүлөөсүндө жарыкка келген. Атасы Арзыматтын эки агасы болгон. Ал экөө тең бай болгон. Агалары ага каралашпагандыктан, ал ар кимдин эшигинде малай болуп жүрө баштайт. Буга агалары арданышат да, “Сен жалчы жүрүп бизди жаманатты кылып, абийрибизди төктүң, ошондуктан, Кетмен- Төбө өрөөнүнөн кеткин, жок десең өлтүрөбүз дешет.
Ошентип, Арзымат Анжиян бооруна өтүп кетүүгө аргасыз болот. Ал азыркы Арстанбап менен чарбактын ортосундагы Кызыл-Суу деген кыштакка барып, Атантай деген кедейдин үйүндө жүрөт. Кийинчерээк ошол эле Атантайдын Салия деген карындашына үйлөнөт.
Арзымат мээнеткеч жигит болот. Ал жаңгак, алма жана түрдүү мөмөлөрдү жыйнап, тың оокат кылып турганда, Атантай дүйнөдөн кайтат, Арзымат аялы экөө Арстанбаптын маңдай жагындагы Кур-Майдан деген жерге көчүп келип, өмүрү өткөнгө чейин ошол жерде жашап калган.
Бекназар жетиге чыкканда энеси өлөт. Андан бир кыз жана Бек назар менен үч эркек бала калат. Алардын эң кенжеси Бекназар болгон. Балдары жаш калгандыктан, Арзымат экинчи жолу үйлөнөт. Ал аялы балага касап, ошондой эле апыртма, жок нерселерди (балдар үчүн коркунучтуу) айта бере турган албуут аял болгон экен.
Бекназарлар бейпайда чырылдап, энеден ажырагандан бир жылдан кийин, атасы Арзымат да дүйнөдөн кайтат. Балдар каардуу өгөй эненин колунда бүжүрөп калышат. Базарчылап шаарга барышкан аталаш туугандары Арзыматтын өлгөнүн угуп калышып балдарынын ал-абалын көрүп кетүү үчүн Кур-Майданга кайрылышат. Алар кол арага жарап калышкан Токтоназар, Эрназарды жана кызын элине алып кетишип, жаш, бирок мажүрөө Бекназарды өгөй эненин колунда калтырышат.
Өгөй эне Бекназарды тогуз жашында үйдөн кууп жиберет. Ал Кур-Майдандын кырына чыкса, Арстанбаптын мазары көрүнөт. Ошол мазарга келип, жети жыл эптеп күн кечирет. Шайыктардын, молдо, калпа, эшендерди барып турган кара мүртөс-калпычы, алдамчы экенин ошондо сезет. Тигилердин “кереметтүүлүгүн” өз көзү менен көрүп сынайт. Акырында шайыктарды көз каранды кылуунун жолуна жетишет. Агаларын көрүү үчүн издеп Бекназар Кетмен-Төбөгө келет. Анын туугандары Бегет деген уруунун ичинен Бегиш уулу деген жүз түтүнгө жакын эл болгон. Бегиш уулун дагы ондогон кожолук жалаң эле молдолук, калпалык, дубана-бакшылык менен күн көрүшкөн. Андыктан кадимки Курман ырчы: “Бегиш уулу бүт калпа,
Бет алса элге жут канча.
Берени имиш Артыкбай,
Шарият айтат үч ача” – деп ырдаган экен.
Бекназар Арстанбаптан келип, ушул “калың” калпанын “төө бастысында” калат. Бегиш уулунун динчилери Бекназарды ташпараңга алып өлтүрүүгө өкүм кылышат. Анда Бекназар Анжиянга качы кетип, аман калат.
Өткөн заманда, жетимдиктин азабын көп тартып, жокчулуктун уулуу чеңгелинде эзилген Бекназардын сырткы көрүнүшү, өңү-түсү куудулдукка ылайыкталып жаралгандай эле, башында чымчым чачы жок, көзү кыпкызыл (учурунда түйрүп ала турган) муруту сербейген, бою: “ Баарыбыз түнтөй-түнкатар, Мен болсом баштыктай болгон Бекназар”… деп өзү ырдагандай киши болгон. Анын үстүнө ал ар кандай жаныбардын, куштардын үнүн-дабышын так өзүндөй кылып туурай билген чебер да болгон.
Бекназар Арзымат уулу 1953-жылы 72 жашында дүйнөдөн кайткан.
Бул көргөзмөгө эл куудулунун өмүр баяны жана ал жөнүндө жазылган китептер, эскерүүлөр, газетадан алынган статьялар жайгаштырылды.