Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Эл жазуучусу Асанбек Стамовдун 85 жылдыгына карата “Чыгарманын тагдырын эл чечет” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурлду.

Эл жазуучусу Асанбек Стамовдун 85 жылдыгына карата “Чыгарманын тагдырын эл чечет” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурлду.
28 Авг 2023

2023-жылдын 28-августунда Кыргыз республикасынын Улуттук китепканасынын Ч.Айтмаов атындагы Кыргыз-Түрк маданият борбору залында Кыргыз республикасынын эл жазуучусу Асанбек Стамовдун 85 жылдыгына карата “Чыгарманын тагдырын эл чечет” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурлду. Асанбек Стамов Москва районундагы Мураке айылында 1938-жылы 28-августта туулган. 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1962-жылы Токмок шаарындагы Токтогул атындагы мектеп-интернатта мугалим болуп иштөөдөн баштап, гезит-журналдарда кабарчы, кийин мамлекеттик жетекчилик кызматтарда иштеген. Чыгармачылык жолун 1959-жылы «Ала-Тоо» журналына «Ата» деген чакан повестин басуудан баштайт. Көп аңгеме, повесттери Москвада басылып, «Кыргыз жазуучуларынын антологиясына» киргизилген. Кыргыз эл жазуучусу маданиятка эмгек сиңирген ишмер, Манас орденинин кавалери болгон.Китеп-сүрөт көргөзмөгө төмөнкү китептер коюлду:Ак кар, Жаңы тууган, Кеч күздө, Нөшөрдөн кийин, Таанышуу, После ливня, Жол боюнда жалгыз там ж.б