Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Элдин өмүрү – анын тилинде”

“Элдин өмүрү – анын тилинде”
21 Сен 2025

2025-жылдын 23-сентябрында А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын “Кыргыз китеби” бөлүмүндө мамлекеттик тил күнүнө арналган “Элдин өмүрү – анын тилинде” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулат.
Бул көргөзмөнүн максаты – кыргыз тилин, анын улуттук баалуулугун даңазалоо. Анын тарыхый жолун жана улуттук маданияттагы ордун китеп аркылуу чагылдыруу. Ошондой эле мамлекеттик тилди колдоо, окурмандарды тарыхый жана адабий мурастар менен тилге болгон сүйүү жана урматтоо сезимин калыптандыруу болуп саналат.
Көргөзмөдө кыргыз тилинин байлыгы жана көркөм күчү камтылган ар кыл жанрдагы китептер жана адабий чыгармалар сунушталат.


Окурмандарга мамлекеттик тилдин орду тууралуу кеңири маалымат берилип, тилди сактоо жана өнүктүрүүгө арналган чыгармачыл эмгектер менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
“Кыргыз китеп” бөлүмү бардык китеп сүйүүчүлөрдү жана тилге кайдыгер карабаган окурмандарды көргөзмөгө чакырат.